«Республика» оппозицияга кеткенден кийин мамлекеттик кызматкерлерди «негизсиз эле» кызматтан ала башташты

Өмүрбек Бабанов кызматтан кеткенден кийин өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерин «негизсиз» кызматтан алып жатышат, деп жазылган «Республика» партиясынын кайрылуусунда. Муну аппараттын кабыл алуу бөлмөсүнөн мурунку министрлер кабинети кеткенден кийин кадрдык кыскартуулар башталгандыгы менен түшүндүрүүдө.

Мурунку өкмөт таркагандан кийин бир эле убакта өкмөттүн аппаратындагы 16 киши кызматтан алынган, деп жазылган «Республиканын» билдирүүсүндө.

«Билимдүү, жаш, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар, өз ишинин мыктылары. Байкасак, алардын бири да «Республика» партиясынын мүчөсү эмес», — деп жазылган кайрылууда.

«Республика» өкмөт аппаратында жарым жыл эксперт болуп иштеп, кийин «негизсиз эле» кызматтан алынган Азамат Алкадыровду мисал катары келтирген.

«Республиканын» кайрылуусунда жазылгандай, министрлер кабинетинин аппаратынын кызматкерлерин гана эмес партия сунуштаган башка кызматтагы адамдар да жумуштан алынып жатат.

«Акыркы кездери биздин партия тарабынан сунушталган адамдардын негизсиз жумуштан алынган учурлары көп кездешип жатат», — деп жазылган кайрылууда.

«Республика» президент Алмазбек Атамбаев менен спикер Асылбек Жээнбековду бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.

«Биз оппозициядагы саясий партиянын өкүлдөрүн куугунтуктоо туура эмес экендигин билдиребиз», — деп жазылган партиянын кайрылуусунда.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Нурзат Токтогулова комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Өкмөттүн аппаратынын кабыл алуу жайынан Бабановдун өкмөтү кеткенден кийин кадрдык кыскартуулар башталгандыгын билдирип, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кадрлар бөлүмүнөн «биз жөн гана катардагы кызматкербиз, бардык суроолор боюнча өкмөттүн аппарат жетекчилигине кайрылгыла» деп комментарий берүүдөн баш тартышты.

Президент Бабановдун өкмөтүн августтун аягында, парламенттеги «Биримдик» көпчүлүк коалициясы таркагандан кийин отставкага кетирген. Парламенттик көпчүлүктүн таркоосуна анын курамынан «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын чыгып кетүүсү себеп болгон.

Мындан кийин «Республика» оппозицияга кеткен.

Жантөрө Сатыбалдиев башында турган жаңы өкмөт сентябрдын башында өз ишин баштаган.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды