Сот Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти кароону аяктады

Аскер соту президент Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча өтүп жаткан соттук процесстин акыркы стадияларынын бирине өттү. Ноябрдын башында тараптар жарыш сөзгө чыгып, айыпталып жаткандар боюнча өкүм чыгарылат.

Аскер сотунун судьясы Марлен Тентимишев Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук процесс аяктагандыгын Kloop.kgге билдирди — сот күбөлөрдүн бардыгынын көрсөтмөлөрүн угуп чыгып, тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Соттогу жарыш сөзгө чыккандар акыркы жолу аргументтери менен алмашат, судья процесстин жыйынтыгын чыгарат — президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын мурунку жетекчисинин өлүмү боюнча ишти кароо 2011-жылы, Садыркулов каза болгондон эки жыл өткөндөн кийин башталган.

Алгач Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы кагышканда каза болгон, деп билдиришкен.

Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.

Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген жоромолду билдиришкен.

Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири, кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.

Автор: Александра Ли