Вице-премьер Оторбаев: уран калдыктары биздин дарыялар аркылуу бүткүл Борбордук Азияга кетип жатат

Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев дарыяларга куюлуп жаткан уулу заттардын калдыктарын сактоочу жайдын агымдарындагы радияциялардан улам уран калдыктары Борбордук Азияны булгап жатат деп билдирди. Сурамжыланган экологдор менен ӨКМ кызматкерлери анын айткандарын ырасташты.

Оторбаев 24-октябрдагы конференцияда Кыргызстанда «заманбап коопсуздук стандарттарына жооп бербеген» 90 уулу заттардын калдыктарын сактоочу жай бар деп билдирди.

«Кыргызстан коркунучтарды азайтуу боюнча алдын алуучу чараларды көрүү үчүн жыл сайын бюджеттен каражат бөлөт. Бирок көйгөйлөрдүн жалпы масштабы өтө чоң болгондуктан аларды өз күчүбүз менен чечүүгө мүмкүн эмес», – деп жазат өкмөттүн сайты Оторбаевдин сөзүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Майлуу-Суу шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Умуралиев шаарда коопсуздук стандарттарына туура келбеген 23 уулуу заттардын калдыктарын сактоочу жай бар экендигин Kloop.kgге билдирди.

«Учурда Бүткүл дүйнөлүк банк менен биргеликте иштер аткарылып жатат. Экологиялык коопсуздук нормада эле, бирок радиация нормадан ашып кеткен жерлер да бар», – дейт Умуралиев.

Эколог Юрий Быковченко Kloop,kgге берген маегинде Оторбаевдин айткандары менен толук макул экендигин айтты.

«Бизди бардык тараптан уулуу заттардын калдыктарын сактоочу жайлар курчап турат, алардын көбүндө уран калдыктары бар. Көпчүлүгү дарыяларга жакын жерлерде жайгашкан жана андан чыккан арыктардын бардыгы дарыяларга кошулат», – дейт эколог.

Быковченко бул булгануулар экология менен адамдын ден соолугуна зыян келтирет – алар зыяндуу жана уулу болуп саналат, деди.

Уранды адамдын организминен толугу менен чыгаруу дээрлик мүмкүн эмес – ал сөөктөрдө сакталат, канда, бөйрөктө жана булчуңдарда топтолуп, иммундук системаны бузат, деп кошумчалады эксперт.

Автор: Мария Гребнева

Редактор: Александра Ли