Жети айлык тыныгуудан кийин Баткен облусундагы жалгыз радио болгон «Салам» радиосунун эфирине эң алгач эртең мененки «Досашке» аттуу көңүл ачуучу программа чыкты. Станциянын ишинин тыным алуусуна аппаратурасынын бузулуп калгандыгы себеп болгон.
Эскилиги жеткен жабдууларды оңдоо 15-октябрда башталган, үч күндөн кийин биринчи чыгарылыш эфирге чыккан.
«18-октябрда иштеп баштадык. 15-октябрдан баштап оңдоо иштерин баштаганбыз, тактап айтканда, жарактан чыгып калган эфирди калыбына келтирдик», — деди «Салам» радиосунун аткаруучу директору Султан Артыков Kloop.kgге.
Эфирге биринчилерден болуп эки сааттык «Досашке» аттуу көңүл ачуучу программа чыкты.
Жети айга созулган радионун ишинин тыным алуусуна маалыматтарды таркатуу үчүн кызмат кылган радио релесинин күйүп кеткендиги себеп болгон.
Баткенге маалымат таркатуу кызматын аткарган аппаратураны Молдовадан алып келишкен. Оңдоо иштерине радиого «Сорос» фондусу тарабынан бөлүнгөн төрт миң АКШ доллары короду.
Анда «Салам» радиосунун негиздөөчүсү жана мурунку директору Максуда Айтиева станция биринчи жолу өз берүүлөрүн ушундай узак мөөнөткө токтотуп жаткандыгын айткан.
«Буга чейин бизде берүүлөргө байланышпаган студиялык гана бузулуулар болгон… А мындай техника бузула элек болчу», — деген Айтиева.
Жайында сурамжыланган баткендиктер радионун кайрадан эфирге чыгуусун күтүп жаткандыктарын билдиришкен.
Медиа-серепчи Шамарал Майчиев борбордук ММКлар аймактарда болуп жаткан окуяларга жетишээрлик көңүл бурбайт, ошондуктан Баткен облусуна жергиликтүү радио керек деп айткан Kloop.kgге.
Автор: Эльдос Казыбеков
Редактор: Зарема Султанбекова
Сүрөттүн автору: Диана Рахманова