Гуревичтин иши боюнча биринчи сот 29-октябрга белгиленди

MGN Capital компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревичтин иши боюнча коомдук угуулар Рим сотунда, 29-октябрда болот, деп билдирди анын жактоочусу. Гуревич италиянын эки компаниясынан 2,7 миллиард АКШ долларын «кагып алган» деп күнөөлөнүп жатат.

«Astolfo Di Amato & Associati» юридикалык фирмасынын башчысы Астольфо Ди Амато ал жактоого алган Гуревич 29-октябрда Рим сотунун алдында жооп бере тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

Гуревич өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүн Римде колго түшкөндөн кийин эки күн өткөндө — 19-октябрда берген.

Ди Амато Гуревичтин көрсөтмөлөрүн сыр катары кармоодо.

«24» маалымат агенттиги билдиргендей, Ди Амато Гуревичти жакын арада күрөөгө бошотуп алууга жетишүү ниетинде.

Максим Бакиевдин шериги Евгений Гуревич Римге учуп келээри менен кармалган — Италия бийлиги ага карата «Телеком Италия» жана «Фаствеб» компанияларынан 2,7 миллиард долларды «кагып алган» деген айып тагууда.

Гуревич италиялык мафия менен кызматташкан деп да шектелүүдө - болжолдуу версия боюнча ал мафия аркылуу аталган компаниялардан жогорудагы сумманы алган.

«Уолл Стрит Джорнал» гезитинин маалыматына ылайык, АКШнын укук коргоо органдары 12-октябрда кармалган Максим Бакиевдин изине Гуревичтин көрсөтмөсү аркылуу чыккан - Гуревич Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн жакын досу жана кеңешчиси болуп саналат.

АКШ Максим Бакиевди сыр маалыматтардын негизинде мыйзамсыз деп эсептелген каржылык келишимдерди жасаган деп күнөөлөп жатат.

«Уолл Стрит Джорнал» басылмасынын журналисттери Максим Бакиевдин иши Нью-Йорк брокери Тайиб Али Мунирдин соту менен байланыштуу деп эсептешет - ал 15-октябрда АКШнын федералдык сотунда инсайдердик соода кылгандыгын моюнуна алган.

Басылманын версиясы боюнча, Гуревич жашыруун түрдө Максим Бакиев менен брокер Мунирдин ортосундагы сүйлөшүүнү жаздырып алган, бул өз кезегинде АКШнын өткөрүп берүү тууралуу сурамын жиберүүсүнө акыркы түрткү болгон.

Максим Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан бери Улуу Британияда жашайт.

Кыргыстандын бийлиги Максим Бакиевди мамлекеттик мүлктү, Орусиянын 300 млн АКШ доллар насыясын уурдаган, ошондой эле 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышка тиешеси бар деп күнөөлөп жатат.

Максим Бакиев бул айыптоолордун бардыгын саясий мотив менен коюлган айып деп атаган.

Улуу Британиянын соту Бакиевди АКШга өткөрүп берүү боюнча ишти 7-декабрда карап баштайт.

Автор: Зарема Султанбекова