Ош: Мэрия Курман айтта спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды

Ош шаарынын мэриясы 26-октябрда - Айт майрамында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды. Анын аткарылышына милиция кызматкерлери көз салат.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматова мекеменин бул тыюу салуусун мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү да жактырышкандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Бул ыйык күнү спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт, ошондуктан аларды сатууга тыюу салуу демилгесин имамдын өзү да колдоду», – деди басма сөз катчы.

Ош ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) нөөмөтчүсү шаардын милиция кызматкерлери мэриянын токтомунун аткарылышына көз сала тургандыктарын ырастады — ал токтомго ылайык, «мыйзам бузгандардан» 50 сомдон 100 сомго чейинки айып алынат.

ИИБнин кызматкери милиция шаардын мечиттеринин жанында жана көчөлөрдө коомдук тартипке көз салып тураарын кошумчалады.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, шаардын борбордук аянтында өткөн Айт намазына 15 миңден ашык киши катышкан.

Шаар кызматтары намазга 23-октябрда даярдана баштаган.

Курман айт — ислам жыл санагы боюнча 12-ай болгон зуль-хижжа айынын 10-күнүндө белгиленет. Бул күнү бардык мечиттерде намаз окулуп, курмандыктар чалынат.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли

Сүрөт Ош шаарынын мэриясынын сайтынан алынды