УКМКнын сайты потенциалдык доменин жоготууга эки күн калганда ишке кирди

Атайын кызматтагылардын расмий сайты дээрлик бир айлык тыныгуудан кийин кайра ишке кирди - ал gknb.kg. домени үчүн 23-сентябрдан бери акча төлөнбөгөндүктөн өчүрүлгөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы канча акча төлөнбөй калгандыгын тактап айтып бере алган жок.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мекеменин сайты 20-октябрдан бери иштеп баштагандыгын билдирди. Басма сөз кызматынын кызматкери интернет-ресурс акча төлөнбөгөндүктөн өчүрүлгөндүгүн моюнуна алды.

«Төлөбөгөндүктөн өчүрүп салышыптыр [...] Биз унутуп калыптырбыз, бардыгы иштеп колдору бошобойт да», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Атайын кызматтагылардын сайтын тейлөө менен алектенген «АзияИнфо» компаниясынын маалыматы боюнча, чындыгында эле мекеме өзүнүн веб-ресурсу үчүн 20-октябрда акча төлөгөн.

Домендерди каттоо кызматынын сайтындагы маалыматка ылайык, УКМКнын интернет ресурсу өткөн айдын аягынан бери иштеген эмес. Эгер УКМК домени үчүн 23-октябрга чейин акча төлөбөгөндө каалаган адам аны өз атына каттатып алмак.

Домен үчүн акча төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин мекеменин басма сөз кызматы акча төлөбөгөндүктөрүн моюндарына албай, сайт жакшы эле иштеп жатат деп айтышкан.

«Эч кандай тоскоолдуктарсыз эле сопсонун ачылып атат. Бизде бардыгы жайында», — деп билдиришкен басма сөз кызматынан.

Сайтты ачууга аракет кылганда ката кеткендиги тууралуу — сервер сайттын IP-дарегин аныктай албай жатат же сайттын домендик аталышы жок - деген билдирүү пайда болуп жаткан.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли