Атамбаев өз кеңешчисин УКМКнын башчысы кылып дайындады

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеп келген Бейшембай Жунусов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Ал кызматтан кеткен Шамил Атаханов Зарылбек Рысалиевдин ордуна ички иштер министри болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндегилер мекеменин башчысы болуп Бейшенбай Жунусов дайындалгандыгын Kloop.kgге билдиришти. Учурда аны атайын кызматтагылардын жамааты менен тааныштырып жатышат.

Жунусов 2012-жылдын июнунан бери президенттин кеңешчиси болуп келген. Ага чейин өкмөт башчысынын аппаратынын стратегиялык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

УКМКны Жунусовго чейин 2011-жылдын декабрынан бери Шамил Атаханов жетектеп келген. «24.kg» агенттигинин маалыматы боюнча, Атаханов ички иштер министри болуп дайындалды, ал эми буга чейин ал кызматты ээлеп келген Зарылбек Рысалиев кызматынан алынып, запаска кетти.

Жунусов 1981-жылдан 2005-жылга чейин СССРдин жана Кыргызстандын атайын кызматында иштеген. Генерал-майор наамы бар.

Автор: Азат Рузиев