«Кумтөр» Ысык-Көл облусун кантип каржылайт?

«Кумтөр» кенин иштеткен «Кумтөр Оперейтинг Компани» алтын өндүрүүчү компаниясы 1998-жылдан баштап Ысык-Көл облусунун өнүгүүсү үчүн негизделген атайын фондго акча бөлүп келет. 2011-жылы ага түшкөн каражат 460 миллион сомдун тегерегиндеги каражатты түзгөн. Фондго карата ал каражаттар максатсыз пайдаланылууда деген айыптоолор айтылып келет.

Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондусу 1997-жылы экс-премьер-министр Апас Жумагуловдун токтому менен түзүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» биргелешкен ишканасы Ысык-Көл облусунун социалдык өнүгүү фондун түзөт, ал Ысык-Көл облусунун жашоочуларына жардам берет», — деп жазылган 1997-жылкы Өнүгүү фонду тууралуу жободо.

Ошондон баштап 2009-жылга чейин «Кумтөр Голд Компани» ай сайын «Кумтөр» кени жайгашкан Ысык-Көл облусунун өнүгүүсүнө өзүнүн таза кирешесинин 2-4 пайызын бөлүп келген.

Компания 2009-жылдан кийин да акча бөлүүнү уланткан, бирок жаңы шарттар боюнча — буга чейинкидей таза кирешеден эмес, компаниянын дүң кирешесинин 1 пайызын бөлүп калган.

Акча бөлүүнүн шарттарынын өзгөртүлүшү келип түшкөн каражаттын агымын кескин жогорулаткан: эгер 2009-жылга чейин фонд жылына 700 миң сомдон 34 миллион сомго чейин алып турса, андан кийин 150 миллиондон 460 миллион сомго чейин алып калган.

2009-жылдагы дагы бир өзгөртүүгө ылайык, бөлүнгөн каражаттардын жарымын пайдалануу «Кумтөр Голд Компани» жана кыргыз өкмөтү менен макулдашылып калган. Ага чейин фонддун бардык каражаттары Ысык-Көл облусунун губернаторунун жана фонддун Байкоочу кеңешинин макулдугу менен гана бөлүштүрүлүп келген.

Фонддун иштөө схемасы

Ысык-Көл мамлекеттик облустук администрациясынын алдындагы фондду башкаруу боюнча дирекция облустун өнүгүүсү боюнча долбоорлорду түзөт.

Идеяны курамына администрация чиновниктери, Каржы министринин орун басары жана «Кыргызалтын» менен «Кумтөрдүн» жетекчилеринен турган Байкоочу кеңештеги 10 киши жактырат же четке кагат.

Долбоор колдоого алынса кызмат көрсөтүүгө тендер жарыяланат. Аукциондун катышуучусу келишимдин шарттарын аткаргандыгы үчүн Фонддон банк аркылуу аз-аздан акча алып турат.

«Куткаруучу кеме»

«Кумтөр Голд Компаниге» ээлик кылган «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилиги Өнүгүү фондусун Ысык-Көл облусунун «куткаруучу кемеси» деп атап, анын сиңирген эмгектери жөнүндө жакшы пикирилерди билдирүүдө.

«Фонддун эсебинен ондогон мектептер менен бала бакчалар ачылып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Учурда ал каражаттарды аймактын экономикалык өнүгүүсүн калыптандыруу максатында кайра бөлүштүрүү маселеси көтөрүлүп жатат», — деп жазылган компаниянын сайтында.

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги Өнүгүү фондусунун сиңирген эмгеги катары жергиликтүү кол өнөрчүлөрдү колдоо программасын атоодо, компаниядан белгилешкендей, аларга 1999-2007-жылдардын аралыгында каржылык жардам көрсөтүлгөн.

«Программа аларга окутуу семинарларына катышуу жолу менен өздөрүнүн продуктуларынын сапатын жана квалификациясын жогорулатууга жардам берди», — деп жазылган «Кумтөрдүн» сайтында.

Компания кичи бизнестин өнүгүүсүнүн ийгиликтүү мисалы катары ишкер Жеңишбек Касымовду келтирди — ал Өнүгүү фондусунан жеңилдетилген насыя катары берилген акчага араа станогун, эки цех жана наабайкана ачкан.

Бөлүштүрүүчүлөрдүн дарегине айтылган айыптоолор

Фонддун каражаттарын башкарган биринчи облус губернатору - экс-президент Аскар Акаевдин администрациясынын мурунку башчысы Тойчубек Касымов болгон.

Касымов Ысык-Көл обладминистрациясынын башчысы болуп турганда, 1999-2000-жылдардын аралыгында фонддун каражатына кожоюндук кылып турган. Анын убагында облустун өнүгүүсү үчүн администрация 7,5 миллион сомдой каражат бөлгөн.

Касымов 2005-жылдагы «жоогазын» революциясынан кийин «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон» жана бийик тоолу Чолпон-Ата - Алматы унаа жолун курууда 4 миллиондой сом каражатты менчиктештирип алган деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.

Бирок каражаттын бардыгы Ысык-Көл обладминистрациясы тарабынан түзүлгөн Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын башчысынын түздөн-түз буйругу менен сарпталып турган. Бул кызматты 1997-жылдан 2011-жылга чейин Дүйшөбай Долубаев ээлеп келген.

2011-жылдан баштап - активисттер менен укук коргоочулар дирекция жетекчисин акчаны максатсыз колдонгон деп күнөөлөп, анын мыйзам бузууларын айтып чыккандан кийин Долубаевдин дарегине карата айыптоолор жаап баштаган.

Жергиликтүү жарандык активист Аида Кабылбекова фонддун каражатын Долубаев башкарып турганда акчалар облустун өнүгүүсү үчүн эмес, майрамдык иш-чараларга короп тургандыгын айтты.

«Эч түшүнүсүз, канча акча кайсыл жакка кетип жатат? Эмнеге жана кандай жумшалып жатат? Бардыгы ачык эмес», — деп нааразы болгон Кабылбекова. Ал акчаларды «эсептен чыгарып алып жатышат» деп эсептейт:

«2011-жылы 400 миң долларга 300 даана контейнер менен таштанды ташуучу унаалар алынган. Азыр алардын [контейнерлер менен таштанды ташуучу унаалардын] кайсыл жерде экендиги белгисиз».

Активисттердин арызы өз жыйынтыгын берди — Башкы прокуратура Долубаевди фонддун каражатын «максатсыз колдонгон» деп ага карата кылмыш ишин козгоду, ал эми Байкоочу кеңешинин курамын толугу менен жаңылашты.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча, 101 миллиондон ашык сом «түрдүү иш-чараларды өткөрүп, керектүү нерселерди алуу үчүн» «мыйзамсыз» колдонулган.

Өнүгүү фондусунун учурдагы жетекчиси Айбек Окенов ага чейин иштеген жетекчинин каталарын моюнуна алып, тендерлер «тийиштүү деңгээлде өткөрүлгөн эмес» деди.

«Бир фирма 14 тендерди жеңип алган, башкасы болсо бирди жеңген. [...] Буга чейин аны акыр деп ойлошсо керек, бирок азыр ал жок», — деди Окенов, өз керектөөлөрү үчүн фонддон акча «албай тургандыгын» убадалап.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусундагы курулуш объектилеринин 95 пайызы «Кумтөр» тарабынан бөлүнгөн акчадан каржыланат. Окенов эгер алтын өндүрүүчүлөр Кыргызстандагы ишмердүүлүктөрүн токтотсо Ысык-Көл облусунун өнүгүү темпи «жайлап калат» деп эсептейт.

«Кумтор Оперэйтинг Компанинин» басма сөз кызматы Kloop.kgнин кабарчысынын катына жооп жазды, анда 2012-жылдын октябрынын башында ишкананы улутташтыруу талаптары менен өткөн митингдерге карабастан алтын өндүрүү иштери уланып жаткандыгы тууралуу жазылган.

«Алар [митингтер] Ысык-Көл облусун өнүктүрүү коруна эч кандай таасирин тийгизген жок.«Кумтөр» кениндеги өндүрүштүк процесси уланууда», — деп жазат ММКлар менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Эрмек Козубеков.

Автор: Азат Рузиев