Милицияны күнөөлөп даттангандыгы үчүн Ысык-Ата районунун жашоочусуна карата кылмыш иши козголду

Ысык-Ата районунун жашоочусу Рахим Шешанло аны жергиликтүү РИИБнин кызматкерлерине карата даттангандыгы үчүн милиция куугунтуктап жаткандыгын билдирди. Тергөөдөгүлөр болсо Шеншалого карата кылмыш иши кызын ала качып кеткен айылдаштарын «сабагандыгы» үчүн козголгондугун айтууда.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү Рахим Шешанлону кызын ала качып кеткен айылдаштарын сабаган деп күнөөлөп, ага карата кылмыш ишин козгогон.

Шешанло болсо кызын ала качкандарды кое берген деп милиция менен судьяну күнөөлөп прокуратурага кайрылгандыгы үчүн аны укук коргоо органындагылар куугунтуктап жатат, деп эсептейт.

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы комментарий берүүдөн баш тартты.

Шешанло Kloop.kgге берген маегинде анын жашы жете элек кызын өткөн жылдын 24-октябрында белгисиз адамдар ала качып кеткендигин айтты. Кызы ошол эле күнү байкесинин мобилдик телеофонуна смс билдирүү жиберип, туугандарына арыз-муңун билдирген.

«Мен кызымды кармап турушкан үйгө барганда бир киши эшикти ачкан. [...] Ал мага“кирип текшерип көрсөңүз болот” деген. А азыр болсо алар [ала качкандар]» бардыгын бурмалап, мени үйгө кирип барып, аларды сабап салган деп айтып жатышат», – дейт Шешанло.

Ал «ала качуу» алдын ала пландалган деп эсептейт.

«Алар менин үйүмдү 3 күн акмалашыптыр, анан кызым чыгаары менен аны унаага салып алып кетишкен», – дейт кыздын атасы.

Шешанлонун кызын ала качуу иши боюнча соттук процесс 8 айдан бери уланып келет, деп кошумчалады ал.

Автор: Атамбаев Нурмухаммед жана Дарина Манасбекова

Редактор: Александра Ли