Нарын прокуратурасы: мугалимдерге 9 ай бою айлыктан ашык акча төлөнүп келген

Нарындын көзөмөлдөө органы Ат-Башы районунун мугалимдерине айлыктан ашык акча төлөнүп келгендигин аныктады. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, мындан улам мамлекет 4 миллиондон ашык сом жоготкон.

2011-жылдын май айынан 2012-жылдын январына чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун мугалимдеринин айлык акыларына «мыйзамсыз түрдө» кошумча акча төлөнүп келген, деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, педагогдор мыйзам тарабынан каралган акчадан сырткары кошумча акча алып келишкен — 25-октябрда бул факты боюнча Нарындын прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

«Аталган мыйзам бузуулар Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жоопкерчиликтүү кызматындагылардын, айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү жана каржы бөлүмдөрүнүн өз функционалдык милдеттерине тиешелүү деңгээлде көңүл бурбагандыгынын айынан пайда болгон», – деп жазылган Башкы прокуратуранын сайтында.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева Kloop,kgге берген маегинде бул окуя боюнча эч нерсе билбестигин айтты.

Ат-Башы районунун акими Иличбек Максутов Kloop.kgге берген маегинде айлыктан сырткары ашыкча акчанын төлөнүшүнө каржы бөлүмүнүн жетекчиси күнөөлү экендигин айтты.

«2010-жылы өкмөт тарабынан педагогикалык стажы үчүн мугалимдерге кошумча акча төлөө чечими кабыл алынган, бирок каржы бөлүмүнүн чала иштегендигинин жыйынтыгында, тактап айтканда, анын жетекчиси Мухан Айдаралиевдин мугалимдердин эмгек акысын туура эмес эсептеп чыккандыгынын жыйынтыгында кошумча акчалар төлөнүп калган», – деди Максутов.

Каржы бөлүмүнүн жетекчиси Мухан Айдаралиев комментарий берүүдөн баш тартты.

Каржы министрлиги эки аптанын ичинде эле «ашыкча» 4 миллион сом кайдан пайда болгондугу тууралуу маалыматты тактап берүүнү убадалады.

Автор: Айзирек Алмазбекова

Редактор: Александра Ли