Ташиевдин иши боюнча материалдар Жогорку сотко жетти

Жогорку соттун канцеляриясы бийликти күч колдонуп басып алууга айыпталып жаткан «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин иши боюнча материалдар келип түшкөндүгүн билдиришти. Азырынча депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот жыйыны качан болоору белгисиз.

Канцеляриядан Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча иштин материалдары 29-октябрда келип түшкөндүгүн билдиришти. Жогорку соттун өкүлү ишти кароо күнү азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.

29-октябрда депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган эл өкүлүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратурага арыз жөнөттү.

«Бүгүн Жогорку Кеңештин өтүнүчүнө байланыштуу Башкы прокуратурага баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катымды бердим», — деди жактоочу.

Айткулов кошумчалагандай, Башкы прокуратура Жогорку соттун уруксаты жок эле депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртө алат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан азырынча Ташиевдин жактоочусунун өтүнүч каты тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын билдиришти.

Басма сөз кызматынын кызматкери арызды алгач каттоодон өткөрүп, ал иш боюнча алектенген кызматкерге өткөрүп бергенден кийин гана басма сөз кызматына билдириле тургандыгын айтып түшүндүрдү. Көзөмөлдөө органынын өкүлү 30-октябрда кайра чалып көрүүнү сунуштады.

Тергөө абагындагы ачкачылык

Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Кийинчерээк бул чечимди депутаттарды 3-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган Бишкек шаардык соту да колдогон.

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эмес — ал тергөө абагынан бошотууну талап кылып «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген жок. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деди Айкулов.

«Бийликти басып алуу аракети»

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Автор: Эльдос Казыбеков