Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн чек арачылары сентябрь-октябрь айларында «Жибек жолу-2012» аталышындагы атайын операция өткөрүшкөн, анын жүрүшүндө курал-жарак, баңгизаты жана тыюу салынган адабияттар алынды.
Иш-чаранын жүрүшү, анын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар бүгүн, 30-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги тарабынан айтылды. Негизинен операция Кыргызстандын чек араларында 3-сентябрдан 12-октябрга чейин өткөн.
Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысынын орун басары Абдукерим Алимбаев операциянын жүрүшүндө 3 тонна 96 килограмм баңгизаты алынгандыгын, алардын 24 килограммы героин болгондугун билдирди.
Андан сырткары 54 даана курал-жарак, 1 миңден ашык ок-дары, тыюу салынган адабияттар жана аткезчилик жол менен алынып бара жаткан 7 миллион 221 миң сомдук товар алынган.
Алимбаев белгилегендей, ошондой эле мамлекеттик чек араны бузган 103 жаран жана издөөдө жүргөн 267 адам кармалган.
Иш-чара Кыргызстандын чек арачыларынын, Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Бажы кызматынын, Коргоо министрлигинин, ИИМдин, ошондой эле Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек арачыларынын биргелешкен аракеттери менен жүргүзүлгөн.
Автор: Аскар Акталов
Сүрөт «Азыттык» радиосунун сайтынан алынды