Депутаттар менен саясатчылардын сот процесстерине кийлигишүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев саясий кызматтагылардын, депутаттардын кылмышка айыпталып жаткан адамдарга кепил болуп, милдетин алуусуна тыюуу салуу боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексине кошумча киргизүүнү сунуштады.

Текебаев мындай демилгесин 29-октябрда, соттук-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында айтып чыкты. Депутат талкуунун жүрүшүндө көп учурларда парламентарийлердин өтүнүчү соттук чечимдер менен өкүмдөргө таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи.

Буга байланыштуу Текебаев жогорку кызматтагы чиновниктер менен депутаттардын кылмышка айыпталып жаткан адамдарга кепил болуп, милдетин алуусуна тыюуу салуу боюнча Кылмыш-процессуалдык кодексине кошумчаларды киргизүүнү сунуштады.

«Кээ бир учурларда өтүнүч каттары менен судьялар өздөрү сот жообуна тартылып жаткан адамдардын жактоочуларын парламентарийлерге жөнөтүшөт. Ошентип, депутаттар ал өтүнүч каттарына кол коюп, соттук процесстерге аралашып калып жатышат. Эгер буга мыйзамдын деңгээлинде тыюу салсак антип кайрылбай да калышат. Жер-жерлерде абройлуу адамдар, аксакалдар бар, кепилдик каттарын ошолор жазышсын», — деп жазат «АКИпресс» агенттиги депутаттын айткандарын.

Талкуудан соң комитет мүчөлөрү биринчи окууда мыйзам долбоорун жактырышып, парламенттин кароосуна жөнөтүштү.

Парламент жактырса документ профилдик комитеттин эки окуусунан, андан кийин пленардык жыйындын талкуусу менен добуш берүүсүнөн өтүүсү зарыл. Андан соң кабыл алынган мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары бир нече жолу камакка алынган кесиптештери Нариман Түлеев, Равшан Сабиров, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорго кепил болуп, милдеттенмелерин алышкан. Бирок алардын өтүнүчүнөн кийин камактан Сабиров гана бошотулган — ал УКМКнын тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.

Автор: Шерзод Бабакулов