Кыргызстан Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна киришине тоскоолдук кылбайт

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев коңшу өлкөнүн азык-түлүктөрүнө карата чектөөлөрдү киргизбөөнү жана анын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусуна тоскоолдук кылбоону убадалады. Буга чейин Экономика министрлиги кыргыз сүт азыктарын Казакстандын аймагына киргизилишине тыюу салуу чечимине жооп катары коңшу өлкөгө карата соода санкцияларын киргизүүгө даяр экендигин билдирген.

Бул тыюу салуу коңшу өлкө тарабынан 2012-жылдын 3-октябрында киргизилген. Ал чечимди жокко чыгаруу боюнча өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган, анткени Казакстан курамына Орусия менен Белоруссия да кирген Бажы биримдигинин талаптарына таянып туруп алган.

25-октябрда Кыргызстандын Экономика министрлиги жооп катары казак азык-түлүктөрүнүн өлкөгө киргизилишине чектөөлөрдү киргизип, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна киргүүсүндө «көйгөйлүү учурларды жаратууга» даяр экендигин билдирген.

Кечээ, 29-октябрда Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөргө экспорттоо боюнча өткөн кеңешмеде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жогоруда айтыган билдирүүлөрдүн бардыгын четке какты.

«Кыргызстандын өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө катары кирүү үчүн бардык тиешелүү процедураларды аткарып бүтүп калган Казакстан Республикасына карата жооп иретиндеги кандайдыр бир соода санкциясын киргизүүнү пландаган эмес жана пландабай эле», — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы Сатыбалдиевдин айткандарын.

Премьер-министр чет өлкөлөр менен болгон мамилелердин бардыгы «опуза жана коркутуп-үркүтүү аркылуу эмес, сүйлөшүү жана келишүү жолдору аркылуу» чечилиши керек экендигин белгиледи. Андан соң Сатыбалдиев аталган билдирүүнү тараткан Экономика министрлигинин жетекчилигине эскертүү берди.

Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт башчысы Экономика жана Айыл чарба министрликтерине Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы талаш-тартыштардын чечилиши үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Толо Исаков эки апта аралыгында тиешелүү документтер даяр болоорун билдирди. Ал документтерди кыргыз сүт азыктарын киргизүүгө урусат бериши үчүн Казакстанга жөнөтүшөт.

Автор: Аскар Акталов