Кызыл-Кыяда уурдалган кызды издөө азырынча жыйынтык бере элек

http://www.youtube.com/watch?v=flgkT3fYIJw

Азырынча 11 айлык Айбике Абдилакимованы издөө эч кандай жыйынтык бере элек, дейт Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүсү. Милиция дээрлик бир айдан бери Кызыл-Кыянын базарынан уурдалган кызды таба албай жатат.

Милиция жергиликтүү жашоочулардын бардыгынан сурап, Айбикенин сүрөттөрүн таратууда, деп билдирди бул иш менен алектенип жаткан Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Абдисалам Нарматов Kloop.kgге.

«Кимдир бирөө укса кабарлап коюңуздар деп адамдарга айтып атабыз. Биз сурабаган адам калган жок. Такси айдоочуларынан, жүргүнчүлөрдөн, ары-бери өткөндөрдөн, төрөт үйлөрүнөн сураштырдык. Ал жерлердин бардыгын текшерип жатабыз», — деди Нарматов.

Тергөөчү милиция ал кыздын уурдалгандыктары тууралуу маалыматтарды жергиликтүү телеканалдар аркылуу берип жаткандыгын кошумчалады.

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтчүсү 11 айлык кызды издөө иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткандыгын Kloop.kgнин кабарчыларына билдирди.

«Балдар иштеп жатышат, бирок кыз азырынча табыла элек. Издөө иштери Жалал-Абадда, Бишкекте, республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат», — деди нөөмөтчү.

Кыздын уурдалышы

Кызды 6-октябрда  Кызыл-Кыянын базарынан уурдап кетишкен. Чоочун аял кыздын апасынын жанына келип, баланы кармап турууну сунуштаган. Апасы макул болуп кызын берген соң чоочун аял жарым мүнөттөн кийин кетип калган.

Андагы видоебайкоо камерасы бардыгын, кыздын чоочун аялга берилишинен бери окуяны толугу менен тартып алган.

Видоедо кызды алган чочун аялдын кайсыл жакка кеткендиги жана ал маалда кыздын апасы башка жакты карап тургандыгы көрүнүп турат.

Видеого ылайык, апасы баласын бергенден алты мүнөт өткөндө аны эстей коюп карама-каршы багытта издеп жөнөгөн.

Кыздын ата-энеси ошол эле күнү милиция бөлүмүнө кайрылган.

Кызды уурдап кеткенден эки апта өткөн соң ата-энеси менен туугандары милиция Айбикени начар издеп жатат, деп даттанып башташкан.

«Алар [милиция кызматкерлери] байкем менен жеңем барганда гана иштеп калышат. Бала азыр Бишкекте деген маалымат бар», – деген кыздын эжеси Имамидин кызы буга чейинки Kloop.kgге берген маегинде.

Интернет баракчаларындагы резонанс

Видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратты. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү кызын чоочун аялдын берип койгон баланын апасын күнөөлөп жатышат.

«Эмне деген апа! Өз баласын чоочун бирөөгө эмнеге бериши керек эле. Өзүмдү жаман сезип кетип жатам. Балдарыңарды ал аялдай болуп кароосуз калтырбагыла!» — деп жазат жаңылыктын алдындагы комментарийлерге биздин порталдын Гулира аттуу колдонуучусу.

«Дизель» порталынын форумчуларынын бир бөлүгү апасын ата-эне укугунан ажыратуу жөнүндө сөз башташты:

«Менин пикирим боюнча, аларды ата-эне укугунан ажыратышат… Тааныбаган, чоочун аялга кармап туруу үчүн эмнеге берет???» — дейт —timoha—

Башка колдонуучулар апасын жактап чыгышты:

«Апасын тилдегенди токтотолу!! Ал өзүнүкүн алды!! Аны күйөөсү да, туугандары да урушса керек, өзүнө өзү кол салууга жетпесе экен» — деп жазат Гатин аттуу колдонуучу өзүнүн порталында.

Башка интернет колдонуучулар окуя боюнча өзүлөрүнүн версияларын айтып чыгышты:

«Апасы кызы ыйлап жаткандыктан жанындагы келинге берсе керек. Аны кайырчылык менен алектенген аял уурдап кетиши мүмкүн. Кызды кайырчылар көп чогулган жерлерден издеш керек. Волонтерлордун тобун чогултсаңар кызыңарды тезирээк табышыңар мүмкүн», — деп жазат «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Назгүл Нуранова.

Автор: Айзат Шакиева