Ошто эң бийик имарат декабрда колдонууга берилет

Буга чейин 16 кабат үй күзүндө курулуп бүтөт деп пландаштырылган. Учурда шыбоо, актоо жана лифт куруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул үйлөр 2010-жылы этникалык коогалаңда жабыр тарткандарга берилет.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын каражатына курулуп жаткан үй 1-декабрга чейин толук иштери бүтүрүлөт.

Мамдирекциянын басма сөз катчысы Рустам Улуковдун айтуусунда, кыш мезгилине карата актоо, шыбоо жана монтаждоо иштери кечирээк бүтүп калышы мүмкүн.

«17-кабатка лифт токтоочу лифтовый шахталар орнотулуп жатат.17-кабатта адамдар жашабайт. Ал жерде техникалык иштер жүргүзүлөт»,—деди Улуков.

Бирок жаңы имараттагы жалгыз көйгөй лифт болушу мүмкүн, анткени Ош шаарында лифттерди тейлөө боюнча кызмат жок, дейт мэрия.

Буга чейин Ош шаарында эки имаратта гана лифт бар болчу. Бирок тилекке каршы, алар да иштебейт.

Жаңы үйдүн бийиктиги 52 метр. Эки көчө ылдый жайгашкан, мурунку рекордсмен имараттан төрт кабат бийик болду. Имарат 60 бир бөлмөлүү, 34 эки бөлмөлүү жана 32 үч бөлмөлүү квартиралардан турат. Курулуш 146 миллион сом түздү.

Мамдирекциянын маалыматы боюнча имараттын алдында авто унаа токтотуучу жай, дарыкана, дүкөн жана медициналык жардам көрсөтүүчү борбор да болот. Мындай үй Ошто алгачкылардан болуп курулду.

Курулуш иштери бүткөндөн кийин, имарат Ош шаарынын балансына өтөт. Андан соң 2010-жылда Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык коогалаңда жабыр тарткандарга берилет.

Мамлекеттик дирекциянын маалыматы боюнча, этникалык коогалаңдан жабыр тарткандар үчүн жалпы саны 528 квартирадан турган 11 көп кабаттуу үй салынып бүттү.