Укук коргоочулар Кыргызстанда секс-жумушчуларын жазалоого каршы кол топтоп жатышат

«Таис Плюс» коомдук уюму секс-жумушчуларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы кол топтоп баштады. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорунун зарылчылыгын сойкулуктун «кеңири» жайылып кеткендиги менен түшүндүрүүдө.

Уюм мыйзам долбооруна каршы кол топтоону 30-октябрда баштады. Алар секс-жумушчулары ансыз деле куугунтуктоодон «жапа чегип жатат», а мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен абал андан да кыйындап кетет деп айтып жатышат.

Эгер секс-жумушу үчүн административдик жоопкерчиликтер киргизилсе коомчулук менен укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин күч алуусуна алып келет деп эсептешет укук коргоочулар.

«Биз жашырынып жүрүүгө мажбур болуп, ВИЧ, туберкулез жана жыныстык жол менен жуга турган инфекцияларга багытталган алдын ала сактануу каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калабыз. [...] Эгер бизге карата зомбулук же кандайдыр бир башка мыйзамсыз аракеттер колдонулган учурларга туш келип калсак арыз да жаза албай калабыз», – деп жазылган алардын өтүнүчүндө.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) секс-жумушу үчүн жоопкерчиликтин зарылчылыгын сойкулуктун «кеңири» жайылып кеткендиги менен түшүндүрүүдө.

«Сойкулук көпчүлүк учурларда инсандын ден соолугу менен өмүрүнө каршы жасалган оор кылмыштар менен коштолот. Бул болсо ал көрүнүштүн коом үчүн коркунучтуулугун күчөтөт», – деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздемеде.

Мекеме билдиргендей, акыркы кездерде жашы жете элек өспүрүмдөрдү сойкулукка тартуу кеңири жайылып кеткен, өз кезегинде бул да мыйзам долбоорун даярдоого негиз болгон.

ИИМ секс-жумушчулары үчүн миң сом айыпка тартуудан баштап 15 суткага камакка алуу жазаларын сунуштап жатат.

Мекеме мыйзам долбоорун 28-октябрда сунуштаган - азырынча анын парламентте качан карала тургандыгы белгисиз.

Сойкулук менен алектенгендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу жазасы Орусияда, Белоруссияда, Өзбекстанда жана Тажикстанда киргизилген. Кыргызстан — Борбордук Азиядагы сойкулук үчүн жаза колдонбогон жалгыз өлкө.

Автор: Александра Ли