Вице-спикер өлкөдөгү акчалардын оффшордук аймактарга чыгарылышына тыюу салууну демилгелеп жатат

Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев банктар жөнүндөгү мыйзамды«кандай гана банктык операциялар менен келишимдер болбосун оффшордук аймактарда жасалуусуна» тыюу салган пункт менен толуктоону сунуштады. Буга чейин мамлекет операциялар үчүн банктык көзөмөлдөрдү чектеген 42 өлкөнү аныктаган.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгеленишине коммерциялык банктардын аманатчылары менен насыя берүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешелердин легалдаштырылышына каршы күрөшүү ниети себеп болгон, деп жазылган парламенттин сайтында.

«Өлкөнүн бардык банктарынан каражаттардын оффшордук аймактарга которулушуна тыюу сала турган норманы киргизүү сунушталып жатат», — деп түшүндүрдү парламенттин маалыматтык саясат бөлүмү.

Мыйзам долбооруна ылайык, оффшордук аймактардын тизмесин Кыргызстандын Улуттук банкы аныктайт.

Төрөбаев быйылкы жылдын май айында да өлкөдөн акчаларды чыгарууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун түзүү жөнүндөгү маселени көтөрүп чыккан. Анда парламентарий Кыргызстандан ири көлөмдөгү акчалар оффшордук аймактарга кетип жаткандыгын билдирген.

«Кайсы каражаттар канча жана кайсыл жакка кетип жатат, – биздин акчаларыбыздын кайсыл жакка которулуп жаткандыгын билишибиз керек болгону менен мындай маалыматтар бизде жок», — деп жазат «К-Ньюс» маалымат агенттиги эл өкүлүнүн сөзүн.

Оффшордук аймактар — бул жеңилдетилген салык режимдерин берип, банктык көзөмөлдөө органдарына маалыматтарды толугу менен ачык кылып көрсөтүү талаптарын өз ичине камтыбаган мамлекеттер менен аймактар.

Ар бир мамлекеттин өзүнүн оффшордук аймактарынын тизмелери болот. Улуттук банктын башкармалыгынын токтомуна ылайык, Кыргызстан 42 өлкөнү операциялар үчүн банктык көзөмөлдөөлөрдү чектеген же жеңилдетилген салык режимдерине ээ болгон өлкө катары тааныйт.

Бул тизмеге көбүнчө аймагы жагынан кичинекей болгон Панама Республикасы же Лихтенштейн Княздыгы сыяктуу мамлекеттер кирет. Өлкөлөрдүн толук тизмеси менен бул жерден таанышсаңыздар болот.

Кыргызстандан акча алып чыгып кетүү

Качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ысымын каржы алдамчылыктары менен көп байланыштырышат — Максим менен анын айланасындагы адамдар 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүнөн кийин кыргыз банктарынан бир топ суммадагы акчаны алып чыгып кетишкен деп айыпталып жатышат.

Төңкөрүштөн кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт өлкөдөгү алты банкты качып кеткен президенттин уулунун көзөмөлүндөгү банктар деп атаган — алар АзияУниверсалБанк (АУБ), КыргызКредитБанк, Манас Банк, Аманбанк, Ысык-Көл банк жана ДосКредитБанктары.

Төңкөрүштүн эртеси Кыргызстандын Улуттук банкы аталган банктардагы акчалардын чыгарылып кетпеши үчүн анда сырткы башкарууну киргизген.

Анда Каржы министри Темир Сариев орусиялык «Коммерсант» гезитине берген маегинде, азырынча «акчалардын чыгып кеткен-кетпегендиги» белгисиз экендигин билдирген.

Автор: Эльдияр Арыкбаев

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды