Акыйкатчы: Тергөө абагынын мурунку башчысы үч ай «мыйзамсыз» камакта жатты

Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын мурунку жетекчиси Ильмир Аллаяров үч ай «мыйзамсыз» камакта жатты, деп эсептейт акыйкатчы. Ал буга Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен чечим чыгарган судьяны айыптоодо.

Октябрь райондук соту февралда кармалган Аллаяровду 2012-жылдын августуна чейин камакта калтырган. Бирок мындан кийин изолятордун мурунку башчысы соттун чечимисиз 3 ай тергөө абагында жатты, дейт Акун.

«Бул Башкы прокуратура менен чечим чыгарган судьянын мыйзам бузуусу», – дейт акыйкатчы.

Укук коргоочунун айтымында, Аллаяровду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өзү башчы болуп турган тергөө абагында камакта жаткан адамдарды «сабагандыгы» үчүн февралда кармашкан.

Октябрда Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев тергөө абагынын жетекчисинин камакта «мыйзамсыз» жаткандыгына карабастан Аллаяровдун камактагы мөөнөтүн соттун өкүмүнө чейин узарткан.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын кызматкери Элеанора Сабатарова укук коргоо органдарынын аракетин актоодо.

«Тергөө абагында жылдап отурган учурлар кездешет. Сыягы азырынча тергөө жүрүп жатса керек, а андан ары соттун чечимине жараша болот [...] Аны кое бербей жатса, демек аны бошотуу боюнча соттун чечими жок. Эгер андай чечим болсо аны кое беребиз», – дейт Сабатарова.

Чоткараев Аллаяровдун иши сыр экендигин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли