Диний фонд мечит курууда бийлик тарабынан тоскоолдуктар болгондугун айтып даттанууда

Коомдук «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фондунун төрагасы Муса Магомедов диний комплекс курууда Бишкек мэриясынын «мыйзамга туура келбеген аракеттери» жөнүндө айтты.

Магомедов журналисттер менен жолугушуу маалында Бишкек мэриясы атайылап эле Махатма Ганди жана Касымалы Баялинов көчөлөрүнүн кесилишиндеги комплекстин курулушуна «тоскоолдук кыла турган» комиссияларды түзүп жаткандыгын билдирди.

«Мэрия техникалык себептерди айтып, ар кандай жолдор менен социалдык имараттардын курулушуна тоскоолдук кылып жатат. 582 батир курулбай калууда. Андан сырткары жерге болгон ижара акысы төрт эсе көтөрүлүп кетти», — деди Магомедов.

Курулуш башталгандан бери 1,5 миң кишиге ылайыкташтырылган мечит, китепкана, конференц-зал, машыгуу жайы жана имамдар үчүн батирлер курулган. Бирок курулуш иштери дагы деле бүтө элек, дейт фонд жетекчиси.

Мамлекет 2006-жылы мечит куруу үчүн Махатма Ганди жана Касымалы Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинен 10 миң гектардан ашык жер бөлүп берген. Аянт «Ихсан Хайрия» коомдук уюмуна 49 жылга ижарага берилген.

Бирок 2012-жылдын июнунда Биринчи май райондук прокуратурасы аталган жер тилкесинин берилиши фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Белгиленип жаткандай, текшерүү 2006-жылы Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек башкы архитектуралык башкармалыгынын кээ бир жетекчи кызматындагылар кызмат абалдарынан пайдаланып жер тилкесин эч кандай соодалашуусуз эле 49 жылга ижарага берип жиберишкен», — деп жазат «АКИпресс» маалымат агенттиги.

Өз кезегинде Магомедов жер боюнча мэрия менен фонддун ортосундагы соңку соттук териштирүүлөр «Ихсан Хайриянын» жеңиши менен аяктагандыгын белгиледи. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жер талаш-тартышы боюнча маселени тактоо үчүн кийинчерээк телефон чалууну өтүндү.

Автор: Бермет Момункулова