Ош: мэрдин берген 100 миң сомун «Алай» футбол командасынын мүчөлөрү бөлүп алат

Ош шаарынын мэри бүгүн «Алай» клубуна «Легенда Кубогунда» уткандыгы үчүн 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Шаардын футбол командасынын планында кийинки жылы Кыргызстан чемпиондугунда экинчи орунга ээ болуу.

9-октябрда Европа футбол ассоциясынын президенти Мишель Платини тарабынан уюштурлган «Легенда Кубогунда» футболдук мелдеште Алай клубу бишкектик «Алга» командасы менен 7:5 эсебинде жеңген.

Буга карата «Алай» командасына мэр Мелис Мырзакматов бүгүн 100 миң сом тапшырды.

Клубтун жетекчиси Нурдин Сматовдун айтуусунда, берилген акча ошол оюндагы оюнчуларга жана машыктыруучала бөлүнөт.

Ошондой эле кийинки жылы Кыргызстан чемпиондугунда экиничи орунда багындырууну пландаштырып жатканын Сматов кошумчалады.

Мырзакматов сыйлыкты берүү аземинде «Алайдын» жеңиши жалпы Ош шаарынын элинин жеңиши деп белгилеп өттү»,– деп мэрдин сөзүн кайталады мэриянын пресс-катчысы Гүлжан Ажиматова.

Ош шаарынын жетекчилиги командасынын оюнчуларынан «чоӊ үмүт» кылат.

Мэрия «Алай» командасы Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда биринчи орунду ала алат, деп эсептешет.

Буга чейин Оштун бийлиги футболисттердин эмгек акысын үч эсеге көбөйткөн. Анда «Алай» футбол командасын камсыздоо үчүн 8,5 миллион сом бөлүп берген. Оюнчулардын айлык акылары 12 миӊден 32 миӊ сомго чейин жогорулаган.

Учурда команда Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын командаларынын тизмесинде төртүнчү орунда турат. «Алайдын» эсебинде 17 упай бар – бул турнирдин фаворити болгон бишкектик «Дордой» командасынын упайынан 4 упайга аз.