Парламент депутаттардын айлыктары тууралуу маалыматтарды сот аркылуу жашырууга аракет кылууда

Жогорку Кеңеш Бишкек райондор аралык сотунун депутаттардын айлык маяналарын ачыкка чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарууга аракет кылууда. Укук коргоочулар эл өкүлдөрүнүн айлыктары ачык болуп, жарыяланышы керек деп айтып жатышат.

Бишкек шаардык соту парламенттин апелляциялык даттануу арызын 30-октябрда карашы керек болчу, бирок судьялардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу отурумду 8-ноябрга жылдырууга туура келди.

Парламент 13-августта депутаттардын айлыктары тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу чечимин кабыл алган төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп апелляциялык даттануу арызын берген.

Жогорку Кеңеш айлыктар тууралуу маалыматтын сыр болушу керектигинин себебин алардын «кызматтык колдонууга» арналгандыгы менен түшүндүрүүдө.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмесинин юристи Азамат Адилов депутаттардын айлыктар ачык, элге белгилүү болушу керек деп эсептейт.

«Алар биздин сурамга жооп жиберишти, анда биз тараптан суралган маалымат эркин колдонуу үчүн эмес, «чектелген маалыматтардын» категориясына кире тургандыгын жазышкан», — дейт Адилов.

«Коалициянын» юристи кошумчалагандай, соттун эл өкүлдөрүнүн айлыктарын ачыкка чыгаруу боюнча чечимине карабастан парламент ал маалыматтарды укук коргоочуларга берген эмес.

Уюм өз кезегинде ал маалыматтар Кыргызстандын коопсуздугуна эч кандай коркунуч алып келбейт деп, далилдөөгө аракет кылууда.

Биздин айлык — сыр эмес

«Республика» фракциясынан депутат Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин аппараты парламентарийлердин айлык маяналары тууралуу маалыматты эмне үчүн жашырып жаткандыгын баамдай албай турат — ал айына кошумча акыны эсепке алганда 30 миң сом алат.

«Биздин айлык маянабыз — жашыруун эмес», — деп эсептейт эл өкүлү.

Ирина Карамушкина өзүнүн кесиптеши менен бир пикирде. Ал айлыгы аткарган жумушуна, иш күндөрүнө жараша 28-30 миң сомду түзөөрүн айтты.

«Ата-Журттун» депутаты Роман Шин айлык маянасы «жашыруун» эместигин билдирди — айтымында, ал айына 39-40 миң сом алат.

«Ар-намысчы» Турсунбай Бакир уулу укук коргоочулардын пикири менен макул – ал дагы депутаттардын айлыктары тууралуу маалыматы берүүдөн баш тартуу — бул маалымат алуу жөнүдөгү мыйзамды бузат деп эсептейт.

Парламентарий канча алгандыгы эсинде жок экендигин билдирип, өзүнүн айлыгынын так суммасын айта алган жок.

Автор: Азат Рузиев