«Республика» Бишкек мэриясын шайлоо алдында административдик ресурс колдонду деп айыптады

Партиянын басма сөз кызматынын билдиришинче, Бишкектин вице-мэри Вячеслав Красиенко шаардагы «Республиканын» плакаттары бар жарнамалык щиттерди алуу буйругун берген. Вице-мэр болсо ал щиттер — муниципалдык экендигин жана партия ал жерге жарнамаларын «мыйзамсыз» жайгаштыргандыгын айтты.

Красиенко атайылап эле Тынчтык проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги жарнамалык щитти алуу тууралуу буйрук берген, деп жазат «Республиканын» басма сөз кызматы билдирүүсүндө.

«Партия мыйзамдын талаптарына ылайык, ал щиттин ээлери менен тиешелүү келишимдерди түзгөн. Бишкек шаарынын дал ушул мезгилде юридикалык талаш-тартыштарды баштагандыгы өтө эле таң калычтуу болууда», – деп жазылган кайрылууда.

Красиенко Kloop.kgге берген маегинде «Республика» айтып жаткан анын буйрук бергендиги тууралуу маалыматты четке какты. Чиновник партиянын билдирүүсүн шаардык кеңешти шайлоонун алдындагы «чагымчылдык» деп атады.

«Ал муниципалдык щит жана ал жерге жарнама мыйзамсыз жайгаштырылган. [...] Аны алуу буйругу болгон эмес», – деп билдирди вице-мэр.

Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганга чейин ал жерде Бишкек шаарынын 134 жылдыгына арналган сүрөт турган, ал эми 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү ал жерге кимдир бирөө «мыйзамсыз түрдө» «Республиканын» жарнамасын жайгаштырып койгон.

Партия щиттин ээси менен келишим түзө алмак эмес, анткени ал жарнамалык орун мамлекетке тиешелүү, деп кошумчалады вице-мэр.

«Республика» — Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышып жаткан 23 партиянын бири.

Партия тизмесинин башында мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев турат.

«Республиканын» лидери болуп быйылкы жылдын сентябрында бийлик менен ачык тирешке түшүп, партиянын оппозицияга кеткендигин жарыялаган экс-премьер Өмүрбек Бабанов саналат.

Акыркы эки жылдан бери Бишкек мэриясынын башында бийликчил Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Иса Өмүркулов турат.

«Республика» 25-ноябрга белгиленген шаардык кеңешти шайлоодо партия жеңишке жетсе борбордун мэри катары кимди көрсөтөөрүн азырынча билдире элек.

Автор: Азат Рузиев

Редактор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Медер Бекмамбетов