Ташиев партиялаштарынын кепилдиги менен үй камагына бошотулат

 

Башкы прокуратура 31-октябрда «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди жактоочунун өтүнүчү жана партиялаштарынын кепилдиги менен үй камагына чыгарат. Депутат «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталууда.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура ал жактоого алган депутатты октябрдын акыркы күнү үй камагына бошото тургандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Сыягы прокуратура азыр аны камакта кармоого негиз жок деген чечимге келген го», – деди Айткулов.

Ал Ташиевге алты «ата-журтчу» кепил болгондугун билдирди: Акматбек Келдибеков, Дастан Жумабеков, Нурзат Осмонова, Курмантай Абдиев, Жылдызкан Жолдошева жана Өмүрбек Бакиров.

Ташиевдин жактоочусу Башкы прокуратурага депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катын 29-октябрда жөнөткөн.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Быйылкы жылдын октябрынын башында Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Кылмыш жана жаза кодексинде мындай аракеттер үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жактоочулар бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай депутаттарды тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

Тергөө абагындагы ачкачылык

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эмес — ал тергөө абагынан бошотууну талап кылып «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген жок. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деди Айкулов.

«Бийликти басып алуу аракети»

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды