Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы АКШнын чыгыш бөлүгүн зыянга учураткан «Сэнди» бороонунун учурунда Кыргызстандын жарандары жапа чеккен жок, деп билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Kloop.kgге берген маегинде бороондон жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок деп билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга көз салуусун улантууда жана зарылдык пайда болсо АКШнын бороон болуп жаткан аймагындагы Кыргызстандын жарандарына жардам берүүгө даяр», — деп жазат басма сөз кызматы билдирүүсүндө.
Тышкы иштер министрлиги кырдаалга тез реакция жасоо үчүн тынымсыз байланыш ачты:
«Кызыккан суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине 0-312-66-08-72, 66-26-43 номурлары аркылуу, ошондой эле КРнын АКШ жана Канададагы элчиликтерине 00-1-202-449-92-22 (23) номуру аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз»
«Сэнди»
«Сэнди» бороону АКШнын чыгыш бөлүгүн зыянга учуратты.
Орусиялык «Новости» маалымат агенттигинин инфографикасына ылайык, бороон 22-октябрда Кариб деңизинде пайда болуп, Багам аралдары аркылуу АКШны көздөй бет алган.
Бир аптанын ичинде ал АКШга жетип, Нью-Йорк, Вашингтон жана Филадельфияларга тийип өтүү.
«Жакынкы күндөрү «Сэнди» бороонунун кыймылы Пенсильвания штаты аркылуу Нью-Йорк штатын көздөй кетип, анда нөшөрлөгөн жаан менен суу каптоолор күтүлүүдө», — деп жазат кыргыз ТИМинин басма сөз кызматы.
Kloop.kgнин кабарчысынын АКШдагы видеосу. Нөшөрлөп жааган жамгыр учурундагы Вашингтондун бош көчөлөрү:
http://www.youtube.com/watch?v=-c-BJGrcyg4
Би-би-синин маалыматы боюнча, бороондон АКШнын түндүк-чыгышында 32 киши каза болгон. «Сэнди» өлкөнүн 8 миллиондой калкын электр жарыгысыз калтырды.
Транспорт менен көптөгөн турак үйлөр суунун астында калды.
Kloop.kgнин Вашингтондогу кабарчысы шамал катуу болуп жаткандыктан эшикке чыгууга мүмкүн эместигин билдирди.
«Жолугушуулардын бардыгы токтотулду […] Метро менен автобустар иштебей эле. Мамлекеттик кызматтар, министрликтер, мамлекеттик мекемелердин бардыгы жабык», — деп билдирет кабарчы.
Би-би-синин маалыматы боюнча, Кариб деңизинин өлкөлөрүндө көз жумгандарды эсепке алганда «Сэнди» бороонунан каза болгондордун жалпы саны 80ден ашты.
Авторлор: Бегайым Акбарова жана Зарема Султанбекова