Жогорку сот Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү 6-ноябрда карайт

Жогорку сот бийликти күч колдонуп басып алган деп айыпталып жаткан «Ата-Журттун» лидери Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт. Депутат учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Жогорку соттун канцеляриясы аларга Ташиевдин иши боюнча материалдар 29-октябрда келип түшкөндүгүн Kloop.kgге билдирди.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов жактоочу тарап Бишкек шаардык сотунун депутатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына калтыруу чечими боюнча Жогорку сотко даттануу арызын бергендигин Kloop.kgге билдирди.

Жогорку сот жактоочунун даттануусун 6-октябрда карайт.

Айткулов Ташиев үчүн камакка алууга байланышпаган баш коргоо чарасынын белгиленишине жетишүү ниетинде.

Быйылкы жылдын октябрынын башында Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Жактоочулар бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай депутаттарды тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

Тергөө абагындагы ачкачылык

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эмес — ал тергөө абагынан бошотууну талап кылып «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген жок. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деди Айкулов.

«Бийликти басып алуу аракети»

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Автор: Александра Ли