Депутат Мамытовдун баш коргоо чарасы ошол бойдон калтырылды

 

Кыргызстандын Жогорку соту «Ата-Журт» партиясынын депутаты Талант Мамытовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 3-декбрга чейин калтыруу чечимин чыгарды. Ал «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп шектелип жатат.

Жогорку сот Мамытовдун жактоочусу Искендер Журабаевдин депутатты камактан бошотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок.

«Биз Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук сотунун чечимин өз күчүндө калтырдык», – деп билдиришти Жогорку соттун канцеляриясынан.

Журабаев ал жактоого алган депутат экөө азырынча мындан ары кандай кадамга бара тургандыктарын билбестигин Kloop.kgге айтты.

«Бизде баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча түздөн-түз тергөө органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок азырынча ойлонуп атабыз», – деди Мамытовдун жактоочусу.

Быйылкы жылдын октябрынын башында Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Кылмыш жана жаза кодексинде мындай аракеттер үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жактоочулар бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай депутаттарды тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан.

Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Алия Байтикова

Редактор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Светлана Зеленская