Укук коргоочулардын тобунун изилдөөсү бир парламентарийди кармап туруу үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына алтын миллион сомдун тегерегендеги каражат сарптала тургандыгын көрсөттү. Каржы жана бюджет боюнча парламенттик комитеттин өкүлү чыгымдардын көбөйүшү президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу системасына өтүүгө байланыштуу экендигин айтты.
Парламенттин бир депутатын бир жыл кармап туруу үчүн салык төлөөчүлөрдүн алты миллион сом каражаты сарпталат, - деди «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюмунун эксперти Сулейман Бердикеев.
Изилдөөчүлөр Жогорку Кеңештин бир жылдык бюджетинин жалпы суммасын (700 млн сомдун тегерегиндеги каражатты) депутаттардын жалпы санына (120га) бөлүшкөн.
Жогорку Кеңештин чыгымдары Кыргызстан президенттик башкаруу формасынан парламенттик башкарууга өткөндөн кийин дээрлик эки эсеге жогорулаган.
Бирок, укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча, бир башкаруу формасынан экинчисине өтүү мыйзам чыгаруу органынын ишинин эффективдүүлүгүнө эч таасирин тийгизген жок.
«Эгер депутаттарга сарпталган чыгымдар көбөйсө, демек биз алардын ишинин эффективдүүлүгүн талап кыла алабыз», – дейт Бердикеев.
Изилдөөгө ылайык, кыргыз депутаттарынын орточо айлык маянасы (51 миң сом) калктын жан башынын ички дүң продукциясынын көлөмүнөн 12 эсеге көп.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү өз материалдык абалдарын «орточо кирешедеги абал» деп аныкташкан, ал эми 30 пайызы өздөрүн жетиштүү жана оокаттуулардын катарына киргизишкен.
«Депутаттардын өзүлөрүнүн маалымдуулугу жана ачыктуулугу тууралуу көйгөйлөр парламентте да бар. Алардын көпчүлүгү Жогорку Кеңештин бюджетин төрага менен фракция лидерлеринин кимиси башкара тургандыгын жана каражат кандай жол менен бөлүштүрүлө тургандыгын билбейбиз, деп жооп беришкен», — деди Укук жана бизнестин өнүгүшү фондунун эксперти Искендер Байназаров.
Мисалы, АКШнын мыйзам чыгаруу бийлигиндегилердин айлык маянасы менен калктын жан башынын ички дүң продукциясынын көлөмүнүн катышы кыргыз депутаттарыныкына салыштырмалуу үч эсеге аз, деп мисал келтирет уюм.
Укук коргоочулардын отчетун толук көчүрүп алуу
Парламент болсо депутаттардын айлык маяналары тууралуу маалыматтарды «кызматтык» маалымат деп атап, аларды жашыруу аракетинде «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» укук коргоо уюму менен соттук териштирүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Укук коргоочулар депутаттардын айлык маяналары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен берилип жаткандыктан ачык болушу керектигин айтышууда.
Мыйзам долбоорлорунун баасы
Изилдөөгө ылайык, бир мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 3 млн сом сарпталат, бул Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы учурунда кабыл алынган долбоорлордун баасынан дээрлик 6 эсеге көп.
«Изилдөө мыйзамдарды кабыл алуудагы чыгымдардын өскөндүгүнүн тенденциясын көрсөттү. Ал мыйзамдар менен токтомдордун сапаттуулугу тууралуу суроо пайда болууда», — дейт Бердикеев.
Жолугушууга катышкан парламент депутаты, Каржы жана бюджет боюнча комитет мүчөсү Айнуру Алтыбаева депутаттарга кеткен чыгым менен мыйзам долбоорлорунун баасын эсептеп чыгууда президенттик башкаруудан парламенттик башкаруу формасына өткөндүгүбүздү да эске алыш керек экендигин айтты.
«Парламенттин функциясы көбөйдү, бул өз кезегинде анын бюджетинин жогорулашына алып келди. Регламент боюнча, учурда мыйзам долбоору үч окуудан өтөт, бул дагы бюджеттин сапаты менен анын жогорулашына таасирин тийгизет», — деди Алтыбаева.
Ал ар бир мыйзам долбоору экспертизанын - укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршылык жана экологиялык беш түрүнөн өтө тургандыгын кошумчалады. Айтымында, ал экспертизалар да мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн кеткен чыгымды көбөйтөт.
Автор: Хлоя Гейне