Процесстин катышуучуларынын келбегендигинен Ташиевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды

«Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сотунун жылдырылышы отурумга Башкы прокуратуранын өкүлү менен депутаттын өзүнүн келбегендигине байланыштуу. Биринчи май райондук соту Ташиевди кесиптештеринин кепилдиги астында үй камагына бошотуу боюнча өтүнүчтү карашы керек болчу.

Башкы прокуратура Ташиевдин баш короо чарасын өзгөртүп, үй камагына бошотуу боюнча арызын Биринчи май райондук сотуна жиберген. Райондук сот ал арызды 31-октябрда карашы керек болчу, бирок отурум белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды.

Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов ал жактоого алган депутат менен Башкы прокуратуранын өкүлү келбей калгандыктан соттун отуруму жылдырылгандыгын Kloop.kgге билдирди.

Кыргызстандын башкы көзөмөлдөөчү органынын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев сот имаратына Ташиевди эмнеге алып барбагандыктарын жана Башкы прокуратуранын тергөөчүсү отурумга эмне себептен келбей калгандыгын билбестигин айтты.

«Силер мени билбейт деп жазышыңар мүмкүн. Бирок ал мындан аркы ийгиликтүү кызматташуубузга негиз болуп бере алат деп ойлобойм», — деп жооп берди басма сөз катчы.

Ал кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

Кепилдик менен үй камагына чыгаруу

Ташиевдин алты партиялашы лидерин үй камагына бошотууну өтүнүп ал үчүн кепил болушкан.

Башкы прокуратура психологиялык-психикалык экпертиза жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Ташиевди бошотуу чечимине келген.

«Аталган соттук психологиялык-психикалык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы пркуратурасы “Ата-Журт” партиясынын лидери жана депутаты Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотуна өтүнүч катын жиберди», – деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Быйылкы жылдын октябрынын башында Биринчи май райондук соту «Ата-Журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары» үчүн УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Кылмыш жана жаза кодексинде мындай аракеттер үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жактоочулар бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок сот жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырбай депутаттарды тергөө абагына калтыруу чечимин чыгарган.

Тергөө абагындагы ачкачылык

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эмес — ал тергөө абагынан бошотууну талап кылып «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген жок. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деди Айкулов.

«Бийликти басып алуу аракети»

«Ата-Журттун» лидерлери 3-октябрда Бишкектин борбордук аянтында «Кумтөр» кенин улутташтыруу боюнча өткөн митингтен кийин кармалышкан. Kloop.kgнин кабарчыларынын баамында, ал митингке миңден ашык киши катышкан.

Митингтин жүрүшүндө катышуучулардын бир бөлүгү парламентти курчап турган тосмодон ашып өтүп, Ак үйдүн имаратынын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды күзөт жана милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Александра Ли

Сүрөт kenesh.kg сайтынан алынды