Алтын кендерин иштетүүгө лицензия сатуу аукциону экинчи жолу жылдырылды

Кыргызстандын бийлиги «максималдуу ачыктыкты камсыз кылуу» үчүн алтын жана көмүр кендерин иштетүүгө лицензия сатуу боюнча аукционду дагы бир жолу жылдырды. Аны өткөрүү 2-ноябрга белгиленген - биринчиси «кыргыз жеринин сатылышына» каршы чыккан активисттер тарабынан үзгүлтүккө учураган.

Мамлекеттик геология агенттигинин басма сөз кызматы аукционду «максималдуу ачык өткөрүү» үчүн жылдыргандыктарын билдирди.

«Аукционду жылдыруу - анын процедураларынын максималдуу ачык болуусун камсыз кылуу зарылчылыгы жана коомчулук менен жергиликтүү бийлик органдарынын пикирлерин толугураак эске алууга негизделген. Ошондой эле жер кыртышын рационалдуу жана эффективдүү пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө да байланыштуу», – деп жазылган мамагенттиктин пресс-релизинде.

Булардын кантип иш жүзүнө ашырылаарын мекеме тактап түшүндүргөн эмес.

Аукцион белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды, деп кошумчалашты басма сөз кызматынын кызматкерлери.

Биринчи жолу 12 кенди геологиялык изилдөө жана андагы пайдалуу кендерди казып алуу үчүн лицензияларды сатуу боюнча аукционду өткөрүү аракети 28-августта үзгүлтүккө учураган.

Анда аукцион өтүп жаткан залга «Кыргыз жаштар кеңеши» аттуу жаштар кыймылы менен «Асаба» партиясынын активисттери кирип келишип, алып баруучунун колунан микрофонду тартып алып «кыргыз жеринин сатылышына» жол бербей тургандыктарын билдиришкен.

Аукциондун үзгүлтүккө учуратылышы Кыргызстандын Биринчи коомдук каналынын түз эфиринде көрсөтүлгөн.

Бул окуя боюнча ИИМ «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок аукционду үзгүлтүккө учураткан деп бир гана киши кармалды.

Пайдалануу кендердин кимге таандык экендиги учурдагы Кыргызстан саясатчыларынын арасында негизги талаш-тартыш маселелердин бири болуп саналат.

Октябрда, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтен кийин өлкөнүн башкы оппозиционерлеринин бири, «Ата-Журт» партиясынын депутаты Камчыбек Ташиев кармалган.

Ал митингтин учурунда бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли