Башкы прокуратура Ташиевди УКМКнын тергөө абагында калтырууну чечти

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди УКМКнын тергөө абагынан үй камагына бошотуу боюнча өтүнүч катын кайтарып алды. Депутаттын жактоочусу комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

31-октябрда Башкы прокуратура Ташиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан үй камагына бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ал өтүнүч кат камакка алынган депутаттын психологиялык-психикалык экпертизасынын негизинде жөнөтүлгөн.

Бирок 2-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жогоруда айтылган өтүнүч катты кайтарып алгандыктарын билдирди. Мекеме буга себеп катары жактоочу Икрамидин Айткуловдун сөздөрүн айтууда - башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча Айткулов «экспертизанын жыйынтыгы боюнча «Ташиевди жаман көрсөтүүгө» аракет кылган», деп Башкы прокуратураны айыптаган.

Башкы прокуратурадагылар белгилешкендей, бул айыптоолор Айткулов тарабынан бир катар ММКларга берген маегинде айтылган. Икрамидин Айткуловдун өзү болсо эки күндөн бери комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Ошентип, Камчыбек Ташиев кесиптештери Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор менен бирге УКМКнын тергөө абагында 2012-жылдын 3-декабрына чейин камакта болушат. Алар быйылкы жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингдин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылгандыктары үчүн» камалышкан. Анда митингтин катышуучуларынын бир бөлүгү парламенттин имаратына кирип барууга аракет кылышкан.

Тергөө абагындагы ачкачылык

Ташиев ага карата белгиленген баш коргоо чарасы менен макул эмес — ал тергөө абагынан бошотууну талап кылып «кургак» ачкачылык жарыялаган.

Бирок анын суу менен тамактан баш тартуусу эч нерсе деле алып келген жок. Ташиев туугандарынын өтүнүчү менен ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыктан баш тарткан. «Ата-Журттун» лидери 13 килограммга арыктаган, деди анын жактоочусу.

«Ал аксакалдардын, үй-бүлөсүнүн жана депутат кесиптештеринин өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. [...] Эгер эс-учун жоготуп койсо кандай гана болбосун анын өмүрүнөн чочулап кыйнап тамак ичиришмек», — деп билдирген анда Айкулов.

Автор: Аскар Акталов