«Мыйзамсыз» жайгаштырылган делинген «Республиканын» жарнамасы дагы деле алына элек

«Республика» партиясынын Тынчтык проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жарнамалык үгүт материалы мэрия тарабынан да, партия тарабынан да алынган жок. Буга чейин жергиликтүү бийликтегилер үгүт материалы жарнамалык щитке «мыйзамсыз» жайгаштырылган деп билдирген. Партия болсо шаар бийлигин шайлоо алдында административдик ресурс колдонуп жатат деп айыптоодо.

Тынчтык проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги жарнамалык щит жергиликтүү бийлик менен Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары өз адамдарын көрсөтүп жаткан «Республика» партиясынын ортосунда талаш жаратты.

Борбордун вице-мэри Вячеслав Красиенко партия мэрияга таандык болгон жарнамалык щитке үгүт материалын «мыйзамсыз» жайгаштырган деп билдирген. Бирок ал үгүт материалынын «мыйзамсыздыгы» тууралуу кабарланганы менен жарнама дагы деле болсо ордунда турат.

Мэриянын расмий сайтында жергиликтүү бийлик партия менен Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт материалынын алынышы керектигин жөнүндө билдирүү жибергендиги жазылган.

«Партия аталган эскертүүнү четке какса мэрия жарнамалык үгүт материалын алып салууга укуктуу», — деп жазылган мэриянын сайтында.

Өз кезегинде «Республика» алардын жарнамасын ала тургандыгын билдирүү менен мэрия административдик ресурс колдонуп жатат деди.

Партия жарнаманы жайгаштыруу боюнча мэрия менен эмес, щиттин ээси менен сүйлөшкөндүктөрүн айтып, ишендирүүгө аракет кылууда.

«Республика» партиясында аталган щиттин ээси менен түзгөн келишими бар. Анын ээси юридикалык маселелерди өзү чечиши керек. Эгер жарнаманы алып салышса чоң чатак болот», — деп жазган партия өкүлү Рахат Саламатова Kloop.kgге жазуу түрүндө берген маегинде.

«Республика» — Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышып жаткан 23 партиянын бири.

Партия тизмесинин башында мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев турат.

«Республиканын» лидери болуп быйылкы жылдын сентябрында бийлик менен ачык тирешке түшүп, партиянын оппозицияга кеткендигин жарыялаган экс-премьер Өмүрбек Бабанов саналат.

Акыркы эки жылдан бери Бишкек мэриясынын башында бийликчил Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Иса Өмүркулов турат.

«Республика» 25-ноябрга белгиленген шаардык кеңешти шайлоодо партия жеңишке жетсе борбордун мэри катары кимди көрсөтөөрүн азырынча билдире элек.

Автор: Тилек Бейшеналиев

Сүрөт Бишкек мэриясынын сайтынан алынды