Ош: үч жылдан кийин 165 кожолук көгүлтүр от менен кайрадан камсыздалат

Борбордук Монуев көчөсүндө жашаган 165 кожулук үч жылдан бери газсыз жашап келет. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, борбордук көчөдөгү реконструкциялоо иштеринен улам көгүлтүр оттун берилиши токтотулган. Бир жумадан кийин жашоочулар газ менен камсыз болушат, дейт мэрия.

Жашоочулардын айтуусунда, газ 2010-жылы болгон этникалык коогаланда белгисиз себептерден өчүрүлгөн. Көчөдөгү реконструкциялоо иштери газдын жоктугуна эч тиешеси жок экендигин билдиришти.

Жолду оңдоо иштери ушул жылы майда башталган.

«Ошол окуяда газ түтүктөрү жабыркаган. Андан бери биздин эл башчыларыбыз тийиштүү адамдарга кайрылган, ошол мезгилде келип газ эсептегичтерин текшерип кетишкен, андан кийин эч ким келген жок. Газдын өчүрүлүшүнө эч кандай себеп жок, биздин жашоочулардын карызыдарын да жокко чыгарган», —деди жашоочу Омат Абидова.

Абидова эл башчылар бир нече жолу шаарыдык газа башкармалыгына кайрылып, бирок эч жыйынтык чыкпагандыгын кошумчалады.

Жаркын Хаджахунов үч жылдан бери көгүлтүр оттун ордуна электроэнергиясын колдонууга аргасыз.

«Учурда электр энергиясын пайдаланып жатабыз, кышында көмүр жагабыз. Газ түтүктөрүн үзүүгө жолдун эч кандай тиешеси жок», —деп Хаджахунов ою менен бөлүштү.

Ал эми Ош мэриясынын шаар куруу, туризм жана муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнүн башчысы Таирбек Муратов Монуев көчөсүндөгү газ жолду реконструкциялоо иштерин баштагандан кийин токтотулган деп билдирди.

«Специалисттер мурдагы газ түтүктөрүн кесип алып жаңы түтүктөрдү өздөрү даярдашкан. Аны коюп элдерди газ менен камсыз кылуу зарыл», —дейт Муратов.

Газ менен камсыз кылуу иштери бир жумадан кийин бүтүрүлөөрүн кошумчалады.

Газ чарба башкармалыгынын бул көчөгө газ түтүктөрүн алып келүүсү үчүн мэрия тарабынан 163 миң сом бөлүнгөн.

Монуев көчөсүн узартуу үчүн Масалиев проспектинен Ак-Буура көчөсүнө чейинки тилкесинде 22 үй бузулган. Бузулган үйлөрдүн ээлерине мэрия акчалай компенсация төлөп, «Он Адыр" кичи районунан жер тилкесин бөлүп берди.