Парламент комитеттеринин саны 13төн 14кө чейин көбөйөт

Мыйзам чыгаруу органынын структурасына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетти кошуу маселеси боюнча Жогорку Кеңештеги добуш берүүдөн кийин парламенттик комитеттердин саны 14кө чейин көбөйөт. Жогорку Кеңеш 1-ноябрда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетти жоюудан баш тартты - буга чейин аталган комитетти кыскартуу сунушталган. Комитеттин калтыруулусу менен алардын жалпы саны 14кө жетет.

Жогорку Кеңеш 1-ноябрдагы жыйынында курамына 13 комитет кирген парламенттин жаңы структурасын бекитиши керек болчу. Жаңы долбоор учурдагы көпчүлүк коалициясы түзүлгөндөн кийин иштелип чыккан.

Алгач, учурдагы Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетти кыскартып, аны Укук тартиби, мыйзамдуулук жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетке бириктирүү сунушталган.

Ошол эле маалда экономика тармактарынын өнүгүүсү боюнча комитетти Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитет жана отун-энергетикалык комплекси боюнча комитети кылып экиге бөлүү пландалып жаткан.

Бирок, 1-ноябрдагы парламенттин структурасы боюнча маселени талкууда депутаттар бир пикирге келишкен жок. Коррупцияга каршы аракет комитетин калтырып, анын төрагалыгына «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбековдун ордуна «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Анарбек Калматовду сунуштоо чечими кабыл алынды.

Коррупцияга каршы аракет комитетитинин бөлүмүнүн мурунку кызматкери Улан Рысмендиевдин айтымында, комитет кызматтык кылмыштарды — бюджеттик каражаттарды коротуу, коррупциялык көмүскө бүтүмдөрдү жана кылмыштуу схемалардын түзүлүшүн текшерет.

«Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо жыйындар уюштурулуп, ал кызмат адамдары чакырылат. Анда комитет маселени чечүү үчүн жумушчу топтун түзүлгөндүгү жөнүндө чечим чыгарат», — дейт Рысмендиев.

Парламенттин структурасы жана комитеттин төрагалары боюнча добуш берүү Жогорку Кеңештин 8-ноябрындагы жыйынында болот. Азыр мыйзам чыгаруу органынын төмөнкү структурасы сунушталууда:

Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети;

Соттук-укуктук маселелер боюнча комитети;

Социалдык саясат боюнча комитети;

Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети;

Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети;

Эл аралык иштер боюнча комитети;

Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети;

Отун-энергетикалык комплекси жана жер байлыктарын колдонуу боюнча комитети;

Коррупцияга каршы аракеттенүү комитети;

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитети;

Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитети;

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;

Бюджет жана каржы боюнча комитети;

Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка келээри менен коррупцияга каршы күрөш жарыялаган — бул максатта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызмат түзүлгөн.

Авторлор: Бермет Момункулова жана Аскар Акталов