Шаардык кеңештерди шайлоого эл аралык байкоочулар катышпай калышы мүмкүн

Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча эл аралык уюмдардын бири дагы шаардык кеңештерди шайлоодо байкоочу катары катышууга билдирме жөнөтө электигин кабарлады. Сурамжыланган укук коргоочулар эл аралык байкоочулардын катышпагандыгы — бул жергиликтүү кеңештерди шайлоодогу «көнүмүш практика» экендигин айтышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы азырынча шаардык кеңештерди шайлоого катышкысы келген эл аралык байкоочулар жок экендигин Kloop.kgге билдирди.

«Учурда эл аралык байкоочулар каттоодон өтө элек», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Укук коргоочу «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» борборунун башчысы Динара Ошурахунова көпчүлүк учурларда эл аралык байкоочулар шаардык кеңештерди шайлоого катышпай тургандыгын айтты.

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоого эл аралык байкоочулардын катышпай калгандыгына көп болду. Алар парламенттик жана президенттик шайлоолорго келет, бул көнүмүш эле практика», — дейт Ошурахунова.

Укук коргоочу Сардар Багишбеков эгер эл аралык байкоочулар шайлоолорго келе албай калса эч кандай деле коркунуч жоктугун билдирди. Айтымында, шайлоого катышып жаткан партиялар өздөрү бири-бирин көзөмөлдөйт.

«Эл аралык байкоочулар — бул ачык жана акыйкаттуу шайлоолордун өтүшүнүн кошумча кепилдиги, бирок алар шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү маанилүү деп эсептешпесе анда ал анча деле коркунучтуу эмес», — дейт укук коргоочу.

Эгер шайлоолор мыйзам бузуулар менен өтүп, даттануулар болсо эл аралык уюмдар аларга көңүл бурат, деп кошумчалады Багишбеков.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова жергиликтүү кеңештерди шайлоого эл аралык байкоочулардын катышуусу «туура эмес» деп эсептейт.

«Жергиликтүү шайлоолор — бул элдик шайлоолор. Эгер шайлоолор эл үчүн болсо, анда биздин канчалык деңгээлде туура шайлай алаарыбыз өлкө үчүн сыноо экендигин эл аралык уюмдар түшүнөт», – дейт Исмаилова.

Бишкек шаардык кеңешинин жана Кыргызстандын башка бир катар шаарлары менен айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда болот. Бишкек шаардык кеңешиндеги орунга 23 партия ат салышат.

Автор: Адилет Калдарбаев

Редактор: Александра Ли

Сүрөттүн автору: Светлана Зеленская