АКШдагы президенттик шайлоо: кыргызстандык депутаттар кимди колдошот?

Kloop.kgнин кабарчылары АКШ президенттигине талапкерлердин кимисин колдоору жөнүндө ар бир фракциянын өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзүштү. Беш депутаттын үчөө Барак Обаманы, калган экөө анын атаандашы республикачыл Митт Ромнини колдоорун айтты.

«Ар-Намыс» партиясы, Игорь Гусаров — Барак Обаманы колдойт:

«Обама төрт жылдык президенттик мөөнөтүндө саламаттык сактоодо олуттуу реформаларды жүргүздү. Бул мамлекетте жасала турган эң негизги реформалардын бири деп ойлойм.

Постсответтик мамлекетте жашага адам катары, Обама бизге да Орусияга да ылайыктуу шерик дейт элем. Ал өзүн Кыргызстанга жакшы мамиле кылган башчы катары көрсөттү»

«Ата-Мекен» партиясы, Туратбек Мадылбеков — Барак Обманы жактайт, мүмкүнчүлүктү колдонуп атаандашы болгон «Республика» партиясына да таш ыргыта кетти:

«Тиги бизнесменге караганда (Митт Ромни — ред.) Барак Обаманы жакшы билем. Ал бизнесмен ( кайрадан Митт Ромни жөнүндө — ред.) кайсы бир штатта губернатор болуп жүргөндө ( Массачусетс штаты — ред.) кандай пайда алып келгендигин иликтеп чыктым.

Бизнесмен - ишкер адам, мамлекетке пайда алып келе алат дегенден алысмын. Мисалы, биздин мурунку премьер-министр (Өмүрбек Бабанов, «Республика» партиясынын лидери) өзүнүн чөнтөгүн жана мамлекеттик казынаны аралаштырып жиберчү».

«Республика» партиясы, Мирлан Бакиров — Митт Ромнини колдойт:

«Ромни үчүн добуш бермекмин. Ушул жылдын сентябрь айында Амеркада болгом.

Республикачылар, демократтар - ар бир партиянын өкүлдөрү менен баарлаштым. Обаманын президенттик мөөнөтү учурунда АКШнын тышкы карызы көбөйүп, мамлекеттик чыгымдар жогорулаганын айтышты»,

Ирина Карамушкина, КСДП — Митт Ромниге добуш бермек, анткени ал «жоош» адам дейт:

«Эгер АКШнын жараны болсом, шайлоолорго кылдаттык менен мамиле жасамакмын.

«Обаманын атаандашы — Ромниге добушумду бермекмин. Биз күбө болгон жаңылыктар жана репортажда боюнча чечим чыгарсам, Обамага салыштырмалуу Ромни мага жоошураак, бир калыпта жүргөн адам катары туюлат».

«Ата-Журт» партиясы, Нарынбек Молдобаев — Барак Обаманы колдойт:

«Анткени ал Орусияга карата достук мамиледе.

Бул эки мамлекеттин ортосундагы (Орусия жана АКШ — ред.) мамиле жалпы дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизет».

Авторлор: Бектур Искендер жана Бегайым Акбарова