Хроника: Алып баруучуну тамашага салып уурдап кеткен «Супер-инфо» гезитинин журналисттери кечирим сурашты [12:09да жаңыланды]

Назира Айтбекованы тамашага салып уурдап кеткен «Супер-инфо» гезитинин кабарчылары кечирим сурап, журналисттерди чогултушту. Айтбекова азыр өзү ооруканада.

12:09 Пресс-конференция бүттү.

12:06 Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин бири жана Айтбекованын жолдошу Искендер Шаршеев Kloop.kgге берген маегинде, жубайы ооруканага жаткарылгандыгын маалымдаган.

12:02 Бахиана Сатылганова: Эгер мен ушундай тамашага туш болсом, мен кечирмекмин.

12:01 Максат Орозумбетов: Зордук болбосун делген, бирок биз четтен чыгып кеттик. Кылмыш иши козголду, тергөөчү менен жолуктук, арыз жазылды. Тамашаныны артында эч кандай жаман ой жок болчу.

11:58 Максат Орозумбетов: Айтбекованын жолдошу Искендер Шааршеевдин шайлоолор алдындагы пиар-акциясыбы, жокпу, эч нерсе айта албайбыз. «Ооба» же «жок» деп жооп берүү туура эмес болуп калат.

11:57 Максат Орозумбетов: Биздин дагы бир чоң катачылыгыбыз тамашанын алдында Назиранын туугандарына эскертүү бербегендигибиз.

11:56 Максат Орозумбетов: Тамашага катышкан актерлор менен арыз жаздык, баары сот алдында окулат. Актерлордун аттарын атай албайбыз. […] Тамашанын сценарийи үстүндө Бахиана экөөбүз иштегенбиз. Редакция менен макулдашылган эмес.

11:53 Максат Орозумбетов: Бул эки кабарчыбыздын идеясы эле, биз алардын ою менен болуп, ката кетирдик.

11:50 Бахиана Сатылганова: Биздин күнөөбүз — тамашаны убагында токтотпогондугуз. Назира жана анын жолдошу жана туугандарынан кечирим сурайбыз.

11:42 Назира Айтбекованы тамашага салып уурдап кеткен «Супер-инфо» гезитинин кабарчыларынын пресс-конференциясы башталды.

Максат Орозумбетов, «Супер-инфо» гезитинин кабарчысы: «Назира жана Искенден дагы бир жолу кечирим сурайбыз. Үйүнө чейин барып кечирим сурадык. Атайын бирөөнүн буюртмасы менен жасалган деген малыматтар жалган. Бизде мурда да ушундай тамашалар болгон».