Кадыржан Батыровдун жубайы тогуз жылга сырттан соттолду

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту парламенттин мурунку депутаты Кадыржан Батыровдун жубайын мүлкүн мамлекеттин пайдасына алып, тогуз жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан чечим чыгарды. Анын жолдошу башпаанек алып, учурда Швецияда. Ал 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалды уюуштурган деп айыпталып жатат.

Мурунку депутаттын жубайы Карамат Батырованы алдамчылык кылган жана башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алган деп айыптап жатышат. Сузак райондук соту аны мүлкүн мамлекеттин пайдасына алып, тогуз жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан чечим чыгарды.

Мамлекеттин пайдасына алынууга тийиш болгон 31 объект бар, алар: курулуш материалдарын өндүрө турган түрдүү заводдор, дүкөндөр, акционердик коомдор, кыймылсыз мүлктөр жана жер тилкелери. Объектилер Жалал-Абадда, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда жайгашкан.

Мамлекет тарабынан берилген Батыровдун жактоочусу чечим менен макул эместигин билдирди — ал чечим боюнча облустук сотко даттанды.

«Сот мамлекеттин пайдасына алуу чечимин чыгарган мүлктөрдүн көпчүлүгү 2010-жылдагы окуяга чейин эле Кадыржан Батыров тарабынан мыйзамдуу түрдө сатылган. Бизде муну тастыктай турган керектүү бардык документтер бар», — деп улантты жактоочу.

Сузак районунун прокурорунун орун басары Талант Аккозуев ыйгарым укугу жок экендигин айтып, чечим боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Судья менен мамлекеттик айыптоочу жеткиликсиз болууда.

«Батыровдун менчиги эмес»

Батыровдун мүлкүнүн жарымын 2010-жылга чейин сатып алган анын жаңы ээсинин айтымында, мамлекеттин пайдасына алына турган объектилердин жарымынан көбү азыр Батыровдорго тиешелүү эмес.

«Мен бул чечимди мыйзамсыз деп эсептейм, анткени Батыровдун дарегине айтылган маанисиз айыптоолордон сырткары анын мамлекеттин пайдасы үчүн алынышы керек болгон мүлтөрүнүн тизмесине учурда ага тиешелүү болбой калган мүлктөр да кирип калган. Бул жерде кайсыл мыйзамдуулук жөнүндө сөз болмок эле?» — деди атын атагысы келбеген мүлктүн учурдагы ээси.

Айтымында, ал мүлктөр буга чейин Батыровдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгондуктан алынышы керек болгон мүлктөрдүн катарына кирип калган.

«Көп болду, 2010-жылдагы окуяларга чейин ал мүлк чын эле Кадыржан менен анын жубайына тиешелүү болгон, бирок ал мыйзамдуу негизде мага сатылган. Кайталап коеюн, ал 2010-жылга чейин аларга тиешелүү болчу. Ал эми азыркыга чейин Караматка тиешелүү болгон Элдердин Достугу университети сыяктуу мүлктөр тууралуу анын өзүнөн сурагыла», — деди ал.

Ал ошондой эле, керек болсо сотко кайрылып, өзүнө тиешелүү мүлктөргө болгон укугун коргой тургандыгын кошумчалады.

Саясий качкын

Кадыржан Батыров 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы улуттар аралык кагылышты уюштурган деп айыпталган.

Сот буга чейин анын мүлкүн мамлекеттин пайдасына алып, өзүн өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарган.

ММКлардын маалыматтары боюнча, Батыров учурда Швецияда - ал буга чейин ал өлкөдөн саясий башпаанек алган.

Ал Кыргызстандын эң бай адамдарынын бири катары эсептелип келген.

Буга чейин сотко Батыровдордун расмий ажырашкандыктары тууралуу документтер көрсөтүлгөн. Бирок, 2012-жылдын май айында ажырашкандыктары тууралуу ал күбөлөндүрмө кагаз сот тарабынан жокко чыгарылып, үй-бүлөнүн жалпы мүлкү камакка алынган.

Автор: Хлоя Гейне жана Евгений Погребняк

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды