Кара-Суу: Коомдук дааратканадагы кырсыктан төрт адам каза болду

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы борбордук базардын коомдук дааратканасынын полу түшүп кетти. Төрт адам каза болуп, 15 киши жапа чекти, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Каза болгон төрт адам дароо табылган эмес. Аларды куткаруучулар бир нече сааттык куткаруу иштеринен кийин алып чыгышкан.

Каза болгондордун үчөө — аял, бирөө — эрезеге жете элек өспүрүм бала:

Базаргүл Ураимова, 1973-жылы туулган;
Барниса Аманова, 1961-жылы туулган;
Мендайым Паизова - 1958-жылы туулган;
Абдинасир Каримов - 1995-жылы туулган.

Kloop.kgнин журналисттерине каза болгондордун санын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов ырастады.

ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча, каза болгондорду кошпогондо полдун түшүп кетишинен жабыр тарткандардын саны 15 адамды түзөт.

Алты адам ооруканага жеткирилди, алардын бири реанимацияда.

Тогуз адам биринчи тез жардам алышты, алардын арасында жети жаштагы кыз жана алты жаштагы бала бар.

Министрликтин басма сөз кызматы куткаруу иштери аяктап, даараткананы тазалоо жумуштары башталгандыгын кабарлады.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев менен ӨКМдин башчысы Кубатбек Бороновдор барышкан - алар Кара-Суудагы бардык коомдук ажатканаларды текшерүү тапшырмасын беришти.

Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов кырсыктан улам базар эки күнгө жабылаарын билдирди.

«Бүгүнкү күндө даараткана толугу менен ачык. Базар бүт сасыйт, ошондуктан эч ким жумушка чыккан жок. Эртең санитардык күн болот, ошондо андан ары тазалайбыз. Бүрсүгүнү бардыгы кадимкидей эле иштеп башташат», — дейт аким.

Даараткананын бетон полу 3-ноябрда күндүзгү саат экилерде түшүп кеткен.

Бул маалда Кара-Суу шаарынын борбордук базарындагы дааратканада 15-20дай киши болгон, деп билдирет окуяга күбө болгон Айбек Камалов.

Кандай болгон: тема боюнча фоторепортаж

Омурткаларын кокустатып ооруканага жаткырылган адамдын абалы — «нормалдуу», деди Кара-Суу райондук ооруканасынын директорунун орун басары Абдрахман Аданов Kloop.kgге.

«Учурда анын абалы жакшы. Сүйлөп баштады», — деди дарыгер.

Анын айтымында, жапаа чеккендердин экөөсүнүн буту сынып, төртөөнүн башына катуу нерселер тийген.

3-ноябрь күнү кечинде окуя болгон жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысы Дастан Үмөтбай уулунун айтымында, куткаруучулар каза болгон төрт адамдын сөөгү табыла электе чуңкурдан чыгып жаткан адамдын үнү жөнүндө билдирип жатышкан.

Издөө иштерин жеңилдетүү үчүн куткаруучулар даараткананын дубалын бузушту. Алардын ишине 200-300дөй киши көз салып турду.

Даараткананын чуңкурунун тереңдиги үч метрден тайыз болгон эмес.

Даараткананын ээси Арзыкан Төлөканова Kloop.kgге берген маегинде ажаткана «нормалдуу» абалда болгондугун билдирди.

«Бир ай мурун санэпидкөзөмөлдөн келип, текшерип кетишкен. Алар эч кандай эреже бузууларды, нормадан четтеген нерсе табышкан эмес, даараткананы сырдап, актап коюуну гана айтышкан», – деди Төлөканова.

Коомдук даараткана 40 кишиге ылайыкташтырылган.

Кара-Суу базары Орто Азиядагы ири базарлардын бири болуп саналат — ал аркылуу негизинен Кытайдан келген товарлар өлкөнүн башка аймактарына сатылат.

Автор: Дастан Үмөтбай уулу