Кош бойлуу келинди «кыйноого алган» милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы «адам өлтүрүү боюнча кылмышты» моюнуна алдыруу үчүн кош бойлуу келинди «кыйноого алган» милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши 8-октябрда козголгондугун билдирди. Ички иштер министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты. Учурда адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталып жаткан келин тергөө абагында камакта.

Прокуратуранын тергөөчүсү Нурлан Тагаев Kloop.kgге берген маегинде учурда тергөө жүрүп жаткандыгын, анын жыйынтыгы боюнча «кыйноого алган» деп шектелип жаткан милиция кызматкерлерине карата чаралар көрүлө тургандыгын билдирди. Ал тергөө иштери бир айдан кийин аяктайт деди.

«Мыйзамга ылайык, иш кылмыш иши козголгондон эки ай өткөндө сотко жөнөтүлөт. Тактап айтканда, дагы бир ай калды», – деди Тагаев.

Тергөөчү кошумчалагандай, Агееванын ден соолугунун абалы «нормалдуу» жана анын адам өлтүрүүгө катыштыгы бардыгы боюнча иши да каралып жатат.

«Ага карата экспертиза жүргүзүлгөн. Эч кандай денесинин зыянга учурагандыгы аныкталган эмес», – деп билдирди прокуратуранын тергөөчүсү.

Агеева тергөө абагында камакта, деп кошумчалады ал.

Ички иштер министрлиги комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин мекеменин басма сөз кызматы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу Анна Агееваны «кыйноого алгандыктары» тууралуу маалыматты четке каккан.

Басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, милиция кызматкерлерин айыптап жаткан «Кылым шамы» укук коргоо борбору Агееванын туугандарынын гана жазган арыздарына таянып, алардын айткандарын текшерүү үчүн Свердлов районунун ИИБсине кайрылган эмес.

Укук коргоочулар кармалган кош койлуу Агееванын Свердлов райондук ИИБсинин имаратында бир нече күн бою «мазактоого» алынгандыгын 19-сентябрда билдиришкен. Алардын маалыматтары боюнча милиционерлер Агееваны «адам өлтүрүү боюнча кылмышты» моюнуна алдыргылары келген.

Укук коргоо борборунун билдирүүсүндө камалган келин «кыйноого» алынып, төрт күн бою милиция бөлүмүндө мыйзамсыз кармалып турган деп жазылган.

ИИМ Агаева 12-сентябрда жыйырма эки жаштагы Анастасия Садовченконун денесине өлүмгө алып келген оор жараттарды калтырган деген шек менен кармалгандыгын билдирген.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды