Кыргызстан кытай жүк ташуучуларынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды

Кытай жүк ташуучулары Кыргызстандын рыногунда толуп кеткендиктен парламент алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чечимин кабыл алды, дейт бюджет жана каржы маселелери боюнча профилдик комитеттин төрагасынын орун басары. Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы тыюу салуу товарлардын баасына терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

Депутат, Бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин төрагасынын орун басары Заирбек Жоошбеков Жогорку Кеңешке тыюу салуу боюнча сунуш октябрдын аягында келип түшкөндүгүн билдирди. Айтымында, буга чейин кыргыз жүк ташуучуларынын «жумушсуз» калгандыктары тууралуу көп кайрылуулар келип түшкөн.

«Кечээ токтом кабыл алышты. Маселе Кыргызстан үчүн өтө орчундуу болчу […] Бул туура чечим болду деп ойлойм. Оор жүктүү кытай унаалары биздин рынокко толуп кеткен», — дейт Жоошбеков.

Кыргызстандын Жүк ташуучуларынын ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев кыргыз бийлигинин мындай чечимине таң калып жаткандыгын билдирди.

Ал бул боюнча эки пикирин айтты – алардын бирине ылайык, тыюу салуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына чейин жумушсуз калган кыргыз жүк ташуучуларына жакшы шарт түзүп берет.

«Биздин улуттук жүк ташуучулар үчүн бул — өтө жакшы чечим, анткени оор жүктүү кытай унаалары кыргыз жүк ташуучуларын жумушсуз калтырып, мындан улам кыргыз жүк ташуучулары атаандаштыкка жарамдуу болбой келген», — деди Шабданалиев.

Бирок, бир четинен ассоциация башчысы парламенттин бул чечими соода мамилелерине терс таасирин тийгизе тургандыгын айтты — анын болжолдоосунда, тыюу салуунун айынан соода-сатыктын көлөмү азайышы мүмкүн.

«Эгер мындан ары кытайлыктар кирбей калса, кыргыз унаалары да Кашкар шаарынын жанындагы терминалга чейин киргизилбейт. Биздин соодагерлерге товарларын Кашкарга чейин алып барып, ал жерден кайра жүктөөгө туура келип калат. Бул кошумча чыгым, ал товар баасына таасирин тийгизет», — дейт ал.

Шабданалиев белгилегендей, тыюу салуу жергиликтүү жүк ташуучулардын алган артыкчылыктарынан улам алардын атаандаштуулукка жарактуулугуна да зыян алып келиши мүмкүн.

«Соода үчүн бул жаман, анткени биз тең атаандаштыкта өнүгүшүбүз керек. Эгер кыргыз тарапка артыкчылык шарт түзүп берип коюшса ал жеке атаандаштыкка жараксыздык болуп калат», — деп эсептейт ал.

Шабданалиевдин айтымында, Кыргызстан кытай унааларынын кирүүсүнө уруксат берген КМШдагы жалгыз өлкө.

Автор: Хлоя Гейне