Кыргызстан Орусияда тосмолонгон сайттарга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы мүмкүн

Өлкөнүн ири интернет таркатуучусу «Кыргызтелеком» Орусияда тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизилген интернет ресурстар Кыргызстанда да жеткиликсиз болуп калаарын билдирди. Серепчилер кыргыз мыйзам чыгаруучулары сайттарды тосмолоо идеясын 1-ноябрдан баштап Орусияда күчүнө кирген тизме аркылуу кабыл алышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

«Кыргызтелекомдун» коммерциялык директору Акыл Токолбаев Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан интернет-трафикти Казакстан аркылуу Орусиядан ала тургандыгын айтты – мындан улам Орусияда тосмолонгон сайт Кыргызстан менен Казакстандын интернет колдонуучулары үчүн жеткиликсиз болуп калат.

«Эгер сайтты Орусиянын аймагында жабышса биз эч кандай каршылык таасир көрсөтө албайбыз», — деп түшүндүрдү «Кыргызтелекомдун» өкүлү.

Токолбаев компания «чара көрүү» өтүнүчү менен казак кесиптештерине кайрыла турган ниети бар экендигин айтты. Бирок ал кандай чаралар тууралуу кеп болуп жаткандыгын тактап айткан жок.

Башка ири телекоммуникациялык «ЭлКат» компаниясы комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Мыйзамдардын көчүрүлүшү

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган серепчилер Орусияда 1-ноябрдан баштап тыюу салынган сайттардын тизмесине байланыштуу ар кандай пикирлерин билдиришти.

Көпчүлүк учурларда Орусиядагы мыйзам чыгаруу демилгелери Кыргызстан тарабынан да алынып колдонулат, деп билдирди медиа-серепчи Александр Кулинский.

«Ага маңызы боюнча балдарды зыяндуу маалыматтардан коргоо жөнүндөгү Орусия мыйзамынын көчүрмөсү болгон мыйзам долбоору мисал болуп бере алат», — дейт Кулинский.

Ал мыйзам чыгаруу бул тармакта күчөтүлөт деп эсептейт. Бирок, серепчи байкагандай, интернет мейкиндигин тартипке келтирүү үчүн кайсы бир чараларды көрүү керек.

«Интернет-кыймыл» коомдук бирикмесинин башчысы Эркин Мамасалиевдин айтымында, Орусияда тосмолонгон ресурстарга Кыргызстандын колдонуучуларынын кирүү мүмкүнчүлүктөрү орус бийлигинин кайсы сайттарды тосмологондугуна байланыштуу болот.

«Эгер алар көп киши кирбеген, экинчи маанидеги сайттар болсо, анда биздин колдонуучулар анча деле жабыр тартышпайт. А эгер кайсы бир ири долбоорлор же социалдык түйүндөр жөн гана тосмолонуп коюлбастан жабыла турган болсо, анда бул биздин колдонуучуларга бир топ эле таасирин тийгизет», — дейт Мамасалиев.

«Медиа Полис Институтунун» юристи Акмат Алагушев «экстремисттик» сайттар менен күрөшүү керек деп эсептейт.

«Эгер интернет колдонуучулар андай сайттардын даректерин өзүлөрү көрсөтүшсө анын эч кандай деле жаман жери жок. Бул форма аркылуу ал системаны көзөмөлдөөгө мүмкүн болот», — дейт юрист.

Сайттардын кара тизмеси

Орусияда тыюу салынган маалыматтардын бирдиктүү тизмеси 1-ноябрдан баштап күчүнө кирди.

Тизме балдарды алардын ден соолуктары менен өсүүсүнө зыян келтирип, терс таасирин тийгизе турган маалыматтардан коргоо жөнүндөгү мыйзамдын бир бөлүгү болуп калды.

Орусиянын Адилет министрлиги билдирип жаткандай, кеп балдар порнографиясы, баңгизаттардын жарнамалары жана өз жанын кыюуу боюнча көрсөтмөлөр жөнүндө болуп жатат.

Мыйзамга ылайык, байланыш операторлору менен таркатуучулар андай сайттарды сотко чейинки тартипте тосмолош керек. Колдонуучулар ресурстагы тигил же бул сайтка жашыруун түрдө zapret-info.gov.ru сайты аркылуу даттана алышат.

Автор: Хлоя Гейне