Орусияда баңгизатын ташыгандыктары үчүн эки кыргызстандык аял соттолду

Бахтиярхан Садыкова жана Мархобатхон Раимжанова аттуу Кыргызстандын жарандары Оштон Новосибирскиге аткезчилик жол менен героин ташыгандыктары үчүн 10 жана 5 жылга эркинен ажыратылышты. Алар жаза мөөнөттөрүн Орусиянын түзөтүү абактарында өткөрүшөт.

Башкы прокуратуранын Сибирь федералдык округу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынан кыргызстандык аялдар героин менен 2011-жылдын июлунда эле кармалышкандыгын билдиришти. Алар баңгизаттарын Оштон Новосибирскиге алып бара жатышкан.

Бирок сот аларга карата 2012-жылдын 31-октябрында гана өкүм чыгарды: 47 жаштагы Бахтиярхан Садыкова 10 жылга жана 63 жаштагы Мархобатхон Раимжанова 5 жылга эркинен ажыратылышты.

Аларды Орусиянын Кылмыш кодексинин 188-беренеси - «аткезчилик» жана 228-беренеси - «баңгизаттарын сатуу максатында даярдоо» боюнча күнөөлүү деп табышты.

Орусиялык ММКлардын маалыматтары боюнча, Раимжанова өз күнөөсүн моюнуна алгандыгы жана жашынын улгайып калгандыгы үчүн азыраак мөөнөт алган.

Кыргызстандын Новосибирскидеги вице-консулдугунан маалымат алуу үчүн кийинчерээк кайрылууну өтүнүштү.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Тышкы иштер министрлиги Орусияда 1 миң 200 Кыргызстандын жараны сот жообуна тартылып, жаза мөөнөттөрү үчүн камакта экендиктерин билдирген.

Автор: Аскар Акталов