«Супер-инфонун» журналисттери тарабынан уурдалган теле алып баруучу ооруканага жаткырылды

«Аалам сырлары» шоусунун автору Назира Айтбекова 4-октябрда ооруканага жаткырылды, деп билдирди анын жолдошу. Учурда ал психологиялык дарылануудан өтүп жатат. Анын кайсыл ооруканада экендиги айтылбай эле.

Айтбекова кинотеатрда «Булуттуу атлас» тасмасын көрүп жатып андагы зомбулук сценасын көрүп кыйкырып жиберди, дейт анын жолдошу Искендер Шаршеев.

«Окуя болгондон үч күн өткөндө аны кинотеатрга алып бардым, жаман ойлордон алыстатайын деп ойлогом. Тилекке каршы “Булуттуу атлас” тасмасына кирип алыптырбыз. Андагы зомбулук элементтерин көрүп ал кыйкырып жиберди, өзүн жаман сезгендиктен аны үйгө алып бардым», — дейт Шаршеев.

Эртеси анын бүткүл денеси ооруп, катуу энтигип, астма болуп баштады, деп улантты теле алып баруучунун жолдошу.

Ал жубайынын өмүрүнөн чочулап, Айтбекова кайсы ооруканада экендигин айтуудан баш тартты. Шаршеев жубайын тамаша үчүн эмес, «коркутуп коюу» же «өлтүрүү» үчүн «уурдашкан» деп эсептейт.

Белгисиз адамдар Айтбекованы 30-октябрда тапанча менен коркутуп уурдап кетишкен.

«Алар мени киши жок жерге алып келишти. Өлтүрө тургандыктарын айтып, менин долбоорумда көзачыктар Санжар Кадыралиевдин [Жогорку Кеңештин депутатынын] өлүмү боюнча тинтип, бекер убараланып жатышат, криминалдын ишине бекер кийлигишип жатышат дешти», – деди долбоордун автору.

Айтбекова аны уурдап, Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тартышкандыгын айтып, далилдөөгө аракет кылды – Сапаргүлдү үстүбүздөгү жылдын жаз айларында чет элдик киши менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн мекендештери «жазалап», жылаңач кылып зомбулук көрсөтүп, ал видеону интернетке жайгаштырышкан.

Теле алып баруучунун айтымында, ага бир нече сааттан кийин көзүн ачууну буюрушканда ал «Супер-инфо» гезитинин кабарчылары Бахиана Сатылганованы, Адилет Бектуровду жана Максат Кудайбердиевдерди көргөн.

«Алар мени шылдыңдап, кордогондуктарынын бардыгын видео менен сүрөткө тартып алышкан, андан кийин мунун баары «Тамаша-тор» рубрикасы үчүн экендигин айтышты», – деди ал.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары чыгып жаткан Айтбекованын жолдошу Искендер Шаршеев журналисттер менен жолугушуу маалында милиция анын жубайын уурдоо, зордуктоого аракет кылуу жана өлтүрүү үчүн кол салуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогондугун билдирген.

«Тамаша-тор» рубрикасы жабылбайт

«Супер-инфо» гезитинин редакциясы «Аалам сырлары» шоусунун алып баруучусун уурдап кетип тамашалаган журналисттердин дарегине айтылган айыптоолордон кийин «Тамаша-тор» рубрикасын жаппайт.

«Супер-инфо» гезитинин президенти Шаиста Шатманова Kloop.kgге берген маегинде азырынча гезиттин редакциясы «Тамаша-тор» рубрикасын жаппай тургандыгын билдирди.

«Азырынча рубриканы жабуу боюнча ойлоно элекпиз. Биз башында рубрика адам өмүрүнө коркунуч алып келбеши керек деп өзүбүзчө чечкенбиз», — деди Шатманова.

Анын айтымында, редакция өз журналисттеринин аракеттерине кылдат көз салат.

«Уруксат берилген чектен чыгып кеткен кабарчылар менен эмне болгондугун баары билет. Бул башкалар үчүн сабак болсун. [...] Эми биз журналисттерибизге катуу талаптарды коюп, алардын аракеттерине кылдат көз салабыз», — деди ал.

Автор: Александра Ли