Нарын: митинг катышуучулары эки күндөн кийин жолду ачышты

3-ноябрдан баштап Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш кыштагынын жашоочулары жолдун начар абалына даттанышып, бир айылдан экинчи айылга көмүр ташый турган жолду тосуп алышкан. Алар жолду эки күндөн кийин, көмүр казуучу компаниялар менен жашоочулардын биргелешкен жолду оңдоо иштери башталганда ачышты.

Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов жолдун тосулушуна анын «начар» абалы себеп болгондугун Kloop.kgге билдирди.

«Каражаттын жетишсиздигинен биз жолдорду жакшы карай албайбыз, ошондуктан алар ыйлай турган абалда», – деди Исагулов.

Ал кошумчалагандай, жергиликтүү жашоочулар көмүр казуучу компаниялар ар бир үй-бүлөгө эки тоннадан бекер көмүр берүүсүн талап кылышкан, бирок алардын бул талабы аткарылган жок.

«Биз бул маселени эки жумадан кийин чечебиз, анткени ар бир үй-бүлөгө эки тоннадан көмүр берсе компаниялар көп каражатын сарптап коюшат», – деп түшүндүрдү аким.

5-ноябрда көмүр казуучу төрт компания жергиликтүү жашоочулар менен бирге жолду оңдоо иштерин башташты, деп кошумчалады Исагулов.

Көз карандысыз журналист Мирбек Асаналиев Kloop.kgге берген маегинде 3-ноябрда Миң-Куш кыштагынын 150дөй жашоочусу алардын кыштагы менен Жумгал районунун Арал айылын байланыштырып турган жолду тосуп алышкандыгын айтты.

Жашоочулар «начар» жолдордон сырткары көмүргө болгон баалардын жогору экендигин айтып даттанышкан, деп билдирди Асаналиев.

Миң-Куштун жашоочусу Кубан Ыбыкеев жолдун ачылгандыгы боюнча акимдин айткандарын ырастады.

«Талаптарыбыз аткарылды – биздин жолдорду оңдоп башташты, ошондуктан жолду ачтык», – деди Ыбыкеев.

Анын айылдашы Адис Жапаров жол толук оңдолуп бүткөнчө көмүр казуучу компаниялар иштебестигин айтты.

«Кечээ, 4-ноябрда турган «Камаздарды» өткөрүп жибердик, бирок азырынча карьерлер жабык. Алар жол качан оңдолсо ошондо ачылат», – дейт Жапаров.

Автор: Адилет Калдарбаев

Редактор: Александра Ли

Иллюстрациялык сүрөт