Тажик соту Баткен шаардык кеңешинин депутатын 10 жылга эркинен ажыратты

Баткен шаардык кеңешинин 2010-жылдын июнунда кармалган депутаты Икрам Сиддиков 10 жылга эркинен ажыратылды, анын жардамчысы тогуз жылга соттолду.

REGNUM маалымат агенттиги Исфара шаардык соту Баткен шаардык кеңешинин депутаты Икрам Сиддиковду аткезчилик беренеси боюнча 10 жылга эркинен ажыраткандыгын билдирди.

Кыргыз депутаты жаза мөөнөтүн Тажикстандын абагында өткөрөт.

Сот ошондой эле депутаттын шериктери - Кыргызстандын жараны Чынгыз Абдурахмоновго — 9 жыл катаал режимдеги абакка камоо жана Тажикстандын жараны Екубхуджи Хомидовго — 8 жыл катаал режимдеги абакка камоо өкүмүн чыгарды.

Тажик милиция кызматкерлери Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын эки өлкөнүн чек арасында 20-июнда кармашкан.

Алардын унаасынан 90,5 килограмм сымап табылган.

Бул кармалгандардын эки өлкөнүн чек арасында жашаган айылдаштарынын нааразычылыгын жараткан — эртеси алар Тажикстандын 16 жаранын барымтага алышкан - бирок барымтага түшкөн тажикстандыктар ошол эле күнү милициянын аракети менен бошотулган.

Эртеси кармалган кыргызстандыктардын туугандары митинг өткөрүшкөн, анын жүрүшүндө алар дагы сегиз тажикстандыкты барымтага алышкан.

Алардын Кыргызстандын милициясы бошоткон, бирок ал операциянын жүрүшүндө ыкчам топтун бир кызматкер жарадар болгон — анын бөйрөгүнө ок тийген.

Митингтен соң анын тогуз катышуучусу кармалган.

Аларды Кыргызстандын бийлиги милицияны жарадар кылган деп айыптаган, бирок митинг катышуучулары укук коргоо органынын кызматкери өз кесиптештеринин жаңылган огунан жараат алгандыгын айтып далилдөөгө аракет кылышкан.

Автор: Евгений Погребняк

Оригинал: www.regnum.ru/news/accidents/1589618.html