Бийлик унаалардын экологиялуулугун текшериши мүмкүн

Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик топ айлана-чөйрөнүнүн булгануусу боюнча техникалык кароодон өтпөй калган унааларды жараксыз деп табууну сунуштап жатат. «Ника-плюс» транспорттук ишканасынын башчысы айлана-чөйрөнүн булгануусу бензиндин сапатына байланыштуу экендигин айтты. Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанга экологиялык жактан таза күйүүчү майлар алынып келинээрин айтты.

Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик топтун мүчөсү, эколог Владимир Гребнев мекеме унаалардын техникалык кароосуна «иштелип бүткөн газдын сыртка чыгышын экологиялуулуктун нормаларына дал келтирүү» параметрин киргизүүнү сунуштап жаткандыгын Kloop.kgге билдирди.

«Абага булгоочу заттардын 80 пайызы кыймылдап жүрүүчү булактардан түшөт. Алардын көпчүлүк бөлүгү — унаа транспорту», — дейт Гребнев.

Бул уулуу заттардын бөлүнүп чыгышы дээрлик эки эсеге көбөйүп кеткендиги менен байланыштуу, ал адамдардын ден соолуктарына терс таасирин тийгизет, деди эксперт.

«Абанын атмосфералык булгануусунун көбөйүшү адамдын, өзгөчө шаар тургундарынын ден соолугуна кыйла эле терс таасирин тийгизет», – дейт Гребнев.

Маршруттук таксилерди бириктирген «Ника-плюс» ишканасынын төрагасы Олег Головачев унаалардын экологиялуулугун текшерүүдөн мурун, алгач Кыргызстанга алынып келип жаткан күйүүчү майдын уулуулугунун деңгээлин текшериш керектигин айтты.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев Кыргызстанга күйүүчү май Орусиядан алынып келинээрин жана ал «экологиялык жактан таза» болуп саналаарын билдирди.

Ал бул параметрлердин киргизилиши менен унаа ээлеринде көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Кыргызстандагы унаа транспортторунун көп бөлүгү эскирип калган жана алар аталган регламент боюнча өтпөй калышы мүмкүн. [...] Өлкө жашоочуларынын көбү жогорку деңгээлдеги экологиялуулугу бар кымбат баадагы унааларды сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок», – дейт Акенеев.

Учурда техникалык кароо атайын багыттагы жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын аткарган унаа түрлөрү үчүн гана милдеттүү болуп эсептелинет. Калгандары үчүн ал ыктыярдуу негизде.

Автор: Хлоя Гейне

Редактор: Александра Ли