КРнын Коргоо министрлиги: Орусия менен аскердик жардам тууралуу эч кандай макулдашуу жок

Орусия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 1 млрд АКШ долларынан ашык каражат бөлүүгө даяр — бул тууралуу «Коммерсантъ» гезити өз булактарына таянып жазган. Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөлөр арасында эч кандай макулдашууга кол коюлбагандыгын билдирүүдө.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Намазалиев Kloop.kgнин кабарчысы менен сүйлөшүү маалында аскердик жардам тууралуу Орусия менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай макулдашууга кол коюлбагандыгын айтты.

«Жазуу түрүндөгү да, оозеки түрүндөгү да макулдашуу жок», — деди Намазалиев Kloop.kgге берген маегинде.

Намазалиев ал макулдашуунун майда-чүйдөсүн айтуудан жана «Коммерсантъ» гезитине басылып чыккан макала боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орус гезитинде басылып чыккан макала боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, Коргоо министрлигине кайрылып көрүүнү өтүндү.

«Коммерсанттын» маалыматтарына ылайык, Орусия кыргыз армиясынын жаңылануусу үчүн 1,1 миллиард АКШ долларын бөлүп берүүгө даяр, бирок кандай жол менен жана эмне бөлүп бере тургандыгын Орусиянын Коргоо министрлиги 2013-жылдын мартында чечет.

Басылма бул тууралуу «орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясына жакын» болгон өз булагына таянып жазган.

«Тиешелүү макулдашуулар боюнча Орусия Федерациясынын вице-премьери Игорь Шуваловдун августта жана президент Владимир Путиндин сентябрда Бишкекке болгон иш сапары учурунда сөз болгон», – деп жазат «Коммерсантъ».

Кыргызстан парламентинин депутаты Токон Мамытов орусиялык гезиттин журналисттерине кыргыз армиясынын керектөөлөрүн санап, айтып берген.

«Бишкек жеңил аткыч куралдардын бардык түрлөрүнө муктаж, ал ошондой эле жаңы аскердик унааларды жана чалгындоо-көзөмөлдөө унааларын, тик учактарды, талаа жана станционардык ооруканаларды алууга үмүттөнүп жатат. Ал эми тоолуу жерлерде аскер операцияларын жүгүзүү үчүн кыргыз Коргоо министрлигине жеңил мототехника, көчмө минометтор жана спутник аппаратуралары керек», — деп жазат «Коммерсантъ» Мамытовго шилтеме жасап.

Гезиттин версиясы боюнча, Орусиянын Кыргызстан менен Тажикстандын армиясына каражат бөлүүсү АКШнын Өзбекстандагы позициясын бекемдөө аракетине жооп болууда.

«Орусия Федерациясы АКШнын аймактагы позициясынын бекемделишине жол бербөө ниетинде», — деп жазат гезит өзүнүн аты аталбаган булагына таянып.

«Коммерсанттын» маалыматы боюнча, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин ноябрдын ортосундагы Москвага боло турган иш сапарында Орусиянын кыргыз армиясына каражат бөлүү маселеси негизги темалардын бири болот.

Авторлор: Бектур Искендер жана Адилет Калдарбаев