Кыргызстанда мунай иштете турган үчүнчү кытай заводу курулат

2013-жылы Кытай мунай-химиялык корпорациясы Чүй облусунун Токмок шаарына мунай иштетүүчү завод курат. Курулуш иштери Кыргызстан жашоочуларынын өлкөдөгү кытай заводдоруна болгон терс мамилелеринин фонунда болот.

Заводдун пайдубалына капсула салуу аземи Токмокто 6-ноябрда өттү.

Заводдун Токмокто 2013-жылдын августуна карата курулуп бүтүшү пландалып жатат.

Ал бензин, дизель майын жана суюктукка айлантылган газды өндүрөт, деп жазылган Кыргызстандын энергетика министрлигинин пресс-релизинде.

Заводдун жылына 400 миң тоннага чейинки продукцияны иштетиши пландалууда — Энергетика министрлиги кандай көлөмдөгү жана кандай продукциянын өндүрүлүшү тууралуу так маалымат берген жок.

Чүй облусунун бийлиги кытай заводунан ири көлөмдөгү салык түшөөрүн айтып убада кылууда.

«Бул заводдун аркасы менен жергиликтүү бюджетке 15 миллион сомдук салык түшөт», — деди өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Азыранкулов, деп жазат «Тазабек» маалымат агенттиги.

Кытай компаниясы жумушчу орундарынын 80 пайызын Кыргызстандын жарандарына бөлүп берүүнү убада кылууда – заводдо Кытайдан келген 40тай киши жана Кыргызстандын 200-220 кишиси иштейт.

Көп маанидеги мамиле

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган жергиликтүү жашоочулар заводдун курулушу боюнча ар түрдүү пикирлерин билдиришти.

Токмоктун өкүлү Камила Гумарова заводдун курулушуна каршы.

«Мен буга терс көз караштамын. Ал [мунай иштетүү заводу] экологияны бузат», — деди Гумарова.

Токмок шаарынын тургуну Денис Мамбетакунов тескерисинче, заводдун курулушун колдой тургандыгын айтты.

«Мен муну колдойм, анткени бул эл үчүн да», — дейт ал.

Айлана-чөйрөнү коргоо тармагы боюнча серепчи Татьяна Бурова заводдун зыян алып келе тургандын алдын ала айтууга мүмкүн эмес деди.

«Бардыгы тең кандай технологиялар менен иштете тургандыктарына байланыштуу. Эгер санитардык нормалардын бардыгы сакталбаса, анда баш оору менен аллергиялык реакцияларды жарата турган көмүр суутеги бөлүнүп чыгат», – дейт Бурова.

Үчүнчү завод

Бул Кыргызстандын аймагындагы мунай иштетүүчү кытайлыктардын үчүнчү заводу болот — алардын бири Чүй облусунун Орловка айылында иштеп жатса, экинчиси Чүй облусунун Кара-Балта шаарында курулууда.

Алардын ар биринин айланасында мезгил-мезгили менен кытай жумушчулары менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда кагылыштар, тирешүүлөр болуп келет.

Октябрдын аягында кытай заводунун трактору айыл жашоочусунун жылкысын сүзүп кеткенден кийин Орловканын тургундары заводко каршы митингке чыгышкан.

Кара-Балтада жергиликтүү тургундар бир нече жолу макулдашуу боюнча «Джунда» кытай компаниясы алардын мунай сактоочу жайынын айланасындагы санитардык аймакта жайгашкан үйлөрүн сатып алуудан баш тартып жаткандыгын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Автор: Виктория Васильева

Редактор: Александра Ли

Сүрөттө: Кара-Балтадагы кытайлык «Джунда» заводунун мунай сактоочу жайы